Саясат
Камчыбек Ташиев "менин убактым аз калды" деген сөзүн чечмелеп берди
Элита плюс
Май 25, 2023 г.
Камчыбек Ташиев "менин убактым аз калды" деген сөзүн чечмелеп берди
© Элита плюс

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде күн мурун социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө айтылган айрым сөздөрдү чечмелеп берди.

Журналист УКМК башчысы "Менин убактым аз калды, үлгүрүшүм керек" деген сөзү менен эмнени айткысы келгендигине кызыкты.

Ташиев анын билдирүүсү эки ача пикир калтырышы мүмкүн эместигин айтты. "Негизи бул суроону мага көп беришти. Бардыгы эмне үчүн убакыт аз калды, эмнеге аз калды, өзүңүз жөнүндө айтып жатасызбы деп кызыгып сурап жатышат. Туура, мен өзүм жөнүндө айтып жатам. Себеби мунун баары жумуш менен байланышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкаруу убактысы менде деле азайып жатат. Мен бул жерде түбөлүк отурбайм. 2,5 жыл убакыт өтүп кетти. Демек, биз пландалган жумуштарга үлгүрүп калышыбыз керек", - деди журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Ташиев УКМК башчысы кызматын аркалап турган кезде көп иштерди жасап үлгүрүп калышы керектигин баса белгиледи.