Саясат
Камчыбек Ташиев: Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилди
Элита плюс
Март 26, 2021 г.
Камчыбек Ташиев: Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилди
© Элита плюс

Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилгенин билдирди.

Анын айтымында, Орто-Токой суу сактагычынын айрым жеринин эсебинен кыргыз тарапка бир катар тилкелер өттү.

“Орто-Токой суу сактагычы кыргыз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү сууну 95% өзбектер колдонот. Анын 800 гектардай жердин 200гө жакын гектары буга чейин бизге компенцация катары берилген. Азыркы күндө 600гө жетпеген гектар жер калган. Анын эсебинен кыргыз тарапка Көк-Серек айылынын 105 гектары, Ала-Бука районундагы Баястан тилкесинин 212 гектары, Кара-Суу районундагы Ак-Таш тилкесинин 100 гектары, Үңкүр-Тоонун 35 гектары, Кара-Белес тилкесинин 25 гектар жери жазылды. Протоколго кол коюлгандан кийин өзбек-кыргыз чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок”, - дейт ал.

Ташиев белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы Габасай тилкесинин 8 миң гектар жери кыргыз тарапка жазылды.

“Ал жерде 5-6 айыл бар. Бул жерде ок атылган учур да болгон. Эми мындай болбойт, бизге жазылды. Ошондой эле Шахрихан-Сайдын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, анын ордуна Өзгөндүн баш жагынан 50 гектар жер ала турган болдук. Кошумчалай кетсем, Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагы 5 миң 737 гектарды түзөт. Анын 1 миң 300 гектары Кыргызстанга өттү. Өзбек тарап 1973-жылы компенцация катары 4 миң 100 гектар жерди бизге берген. Дагы 300 гектар жер компенцация катары бериш керек эле. Анын ордуна Өзгөн, Сузактан 1 миң гектар жерди алдык”, - деп айтты ал.