Саясат
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
Элита плюс
Май 23, 2023 г.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
© Элита плюс
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
© Элита плюс
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү
© Элита плюс

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду.

Жыйындын жүрүшүндө ири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Учурда ГЭСке чейинки жолдор, тоннел курулууда. Мындан башка электр линиясын тартууга, көмөкчордонду жана курулуш шаарчысын жайгаштырууга жайлар даярдалууда. Көпүрө куруу боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, республиканын жылдык керектөөсү 17,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын түзүп, бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүүдө жана дефицит пайда болууда. Ошол себептүү, Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргизилсе өүбүздүн муктаждыкты толук жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айткан МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, тиешелүү кызматкерлерге иштин аткарылышына дыкат мамиле жасоо керектигин билдирди.

“Камбар-Ата-1 ГЭСи кылымдык долбоор. Курулуш иши акырына чыгып ишке киргизилип калса, биздин урпактарыбызга кызмат кыла турган түбөлүктүү ГЭС болот. Ошол себептүү, бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бөлүүгө чакырам”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Жыйындын соңунда негизги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерин баштоого чейинки даярдык иштери 2024-2025-жылдары аягына чыгарын тиешелүү уюштуруу комитети билдирди.