"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Ийгилик сыры
Кайрымдуу инсан-Мирлан НАЗАРБЕКОВ
Элита плюс
Декабрь 31, 2020 г.
Кайрымдуу инсан-Мирлан НАЗАРБЕКОВ
© Элита плюс
Кайрымдуу инсан-Мирлан НАЗАРБЕКОВ
© Элита плюс
Кайрымдуу инсан-Мирлан НАЗАРБЕКОВ
© Элита плюс

“Алланын жолу ак болот, ак ниеттүү жанга бак конот» демекчи, ак ниеттүү, элге кол сунган инсандар Кудайга да жагат. Негизинен Кара-Буурадан чыккан Назарбековдор ар убак ата журтун унутта калтырышпай, бир топ жылдан бери районго өз жардамдарын берип алгылыктуу иштерди жасап келишет. Былтыр Мирлан Назарбеков Кара-Буура районунун Үч-Булак айылына 25 миң долларга трансформатор орнотуп берген. Ааламды каптап айланы кетирген коронавирус илдети өлкөгө баш багып, эл карантинде үйдө олтурган учурда Назарбековдор Кара-Буура районуна бир млн сом бөлүп, элди азык-түлүк менен камсыздашкан. Райондогу бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 16 кычкылтек концентраторлорун алып берип, Кара-Буура райондук ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерине 200 миң сом беришкен. Райондун төрт айыл аймагынын ар бирине 1,5 млн сомдон каражат сарптап таза суу чыгарып берди. Ал айылдардын экөө райондун борборунда жана Жоон-Төбө, Молдо-Асан айылдары. Таза суу менен камсыз болгон эл учурда Мирлан мырзага ак баталарын арнашууда. Кайрымдуу мырза муну менен эле чектелип калбастан, Бишкек шаарындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө да көмөгүн көрсөткөн. Кара-Буура районундагы Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана Аманбаев үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бирден эки тез жардам унаасын алып берген. Үч айда элге 4,5 млн сомдук жардам бере алган. Мирлан Назарбеков 1977-жылы Кара-Буура районунун Үч-Булак айылында туулган. Кызыл-Адыр айылындагы Киров орто мектебин артыкчылык менен аяктаган. Кесиби боюнча юрист. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Ушундан улам үй-бүлөнү да, бизнести да, кайрымдуулук ишти да татыктуу алып бараткан, иштин көзүн тапкан кайрымдуу ишкерлер өлкөдө арбын болсо деген тилектебиз.