Коом
Кайрадан ыктыярчыларды топтоо башталды
Элита плюс
Октябрь 19, 2020 г.
Кайрадан ыктыярчыларды топтоо башталды
© Элита плюс

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдетине кабылгандар күн санап кайрадан көбөйүп жаткандыгына байланыштуу "Кызыл жарым ай" коому ыктыярчыларды топтой баштады. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгерде ким ыктыярчы болууну каалап, жардам бергиси келсе "Кызыл жарым ай" коомунун жакын жердеги кеңселерине кайрылса болот.

Аталган уюм ыктыярчыларга негизги төмөнкү талаптарды койду: 18 жаштан 45 жашка чейинки жарандар болушу керек, иммунитети күчтүүлөр жана жабыркагандарга чындап жардам берүүнү каалагандар.

"Азыркы кырдаалда биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз өлкөнүн муктаждыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн экендигин түшүнүү керек. Бардык өзгөрүүлөргө даяр болушубуз керек", - деп жазылат маалыматта.