Коом
Кафеде күзөтчүгө карата ок чыгарган шектүү кармалды
Элита плюс
Февраль 14, 2023 г.
Кафеде күзөтчүгө карата ок чыгарган шектүү кармалды
© Элита плюс
Кафеде күзөтчүгө карата ок чыгарган шектүү кармалды
© Элита плюс

Чүй облусунун Кант шаарындагы кафелердин биринде күзөтчүгө карата ок чыгарган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-январда Ысык-Ата райондук милициясына Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Империя-Пиццы” кафесинин 41 жаштагы Б.А. аттуу администратору арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 05:50лөр чамасында 30-40 жаштагы адам мас абалында коомдук тартипти бузуп, белгисиз үлгүдөгү травматикалык тапанча менен 39 жаштагы Т.С. аттуу кафенин күзөтчүсүнө карата бир жолу ок чыгарганы жазылат. Натыйжада ок күзөтчүнүн сол далысына тийген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык (“Бейбаштык”) кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда күзөтчү өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана желим окту өткөрүп берген. Ошондой эле кылмыш ишинин алкагында соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 37 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалган. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө уланууда.