Коом
Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти
Элита плюс
Май 23, 2023 г.
Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти
© Элита плюс

Журналист Кадыр Кошалиев мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган чуулгандуу маегинен кийин Улуттук телерадиокорпорациясынын (УТРК) 1-каналынын кабарчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу УТРКдан билдиришти.

"УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү менен корутунду чыгара электе, Кадыр Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти", - деп билдиришти УТРКдан.

Билдирүүдө аталган маекти кабарчы корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келгендиги айтылат.

"Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды жабууга каражатты корпорация бөлүп берген эмес. Ошондой эле, бул берүүнү эфирге берүү планда каралган эмес.

Ар бир эфирдик материал алдын ала макулдашылып, жетекчиликтин кароосунан өткөндөн кийин гана программага киргизиле тургандыгы жалпы коомчулукка маалым. УТРК жеке тараптардын жана топтордун кызыкчылыктарын коргоого албайт", - деп кошумчалашты телеканалдан.

УТРКдан Кадыр Кошалиев аталган телеканалда көп жылдан бери эмгектенип, буга чейин деле түрдүү жанрдагы бир катар автордук программаларды эфирге чыгарып келгендигин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен болгон маеги коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү пикирлердин жаралышына себеп болду. Бүгүн Бишкекте бир топ адамдар Кошалиевди кызматтан алуу талабы менен митингге да чыгышты.

Аталган жагдайга байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков да үн катып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок экендигин билдирди.