Коом
Кадамжайда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды
Элита плюс
Ноябрь 29, 2022 г.
Кадамжайда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды
© Элита плюс

Кадамжайда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду. 

Маалыматка караганда, Кадамжай районунда 2022-жылдын сентябрь айынан тарта массалык түрдө мал уурулук катталып жаткандыгын билдиришип, арыз менен жергиликтүү тургундар милицияга кайрылышкан.

Бул арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 10 баш бодо мал белгисиз жарандар тарабынан уурдалып, жабырлануучуларга олуттуу зыян келтирилгендиги аныкталган.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2022-жылдын ноябрь айынын аяк чендеринде Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын мурда сот жообуна тартылган 58 жаштагы Ж.К.тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жери аныкталып, кармалып келди. Ошондой эле, 58 жаштагы Ж.Кнын кылмыштуу шериги Орозбеков айыл аймагынын 51 жаштагы тургуну Ы.Т. экендиги аныкталып, Охна айылынан кармалды.

Азыркы учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.