Асылдарым
Кабыл МАКЕШОВ, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы: “Ай чыккан сайын апамды эстейм”…
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Кабыл МАКЕШОВ, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы: “Ай чыккан сайын апамды эстейм”…
© Элита плюс
Кабыл МАКЕШОВ, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы: “Ай чыккан сайын апамды эстейм”…
© Элита плюс
Кабыл МАКЕШОВ, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы: “Ай чыккан сайын апамды эстейм”…
© Элита плюс
Кабыл МАКЕШОВ, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы: “Ай чыккан сайын апамды эстейм”…
© Элита плюс
Кабыл МАКЕШОВ, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы: “Ай чыккан сайын апамды эстейм”…
© Элита плюс
Кабыл МАКЕШОВ, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы: “Ай чыккан сайын апамды эстейм”…
© Элита плюс

Жыл сайын жазында энелер күнү белгиленип жүрөт. Менин апам мындай майрамды көрбөй калды. Анан ай чыккан сайын же айды көргөн сайын апамды эстейм. Себеби, апамдын "Ай чыкты тоодон суйкайып…" деген ыры дале кулагымда жаңырып турат. Элүүдөн ашсам да апасына эркелеп жаткан уулдарымды, кызымды көргөндө, менин да апама болгон кусалыгым жүрөк эзет… Анда студенттик курагым. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнүн 2-курсун бүтүп, Жети-Өгүз районунун Комсомол (азыр Кытай) айылында студенттик курулуш отрядында иштеп жүргөнүмдө, апам 10 баланы төрөп, бакканы үчүн "Баатыр эне" деген ардак наамга арзыды. Төшүнө баатыр эненин алтын медалын тагынып, "балдарым менен байлыгым" деп сүйүнүп жүрдү. Атам өмүр бою жылкычы, чабан болуп, жайы-кышы мал артында жүрүп, көп нерсеге анча маани бербеген адам. Башкалардын апаларынын колунда алтын шакек, кулагында алтын сөйкө жаркырап турганын байкап, апамдыкы жок экенине ичим ачышып калар эле. Атам деле апама алтын сөйкө, шакек алып берип койсо, элден кем кылбаса дечүмүн. Аны атам билип, баамдай турган түрү жок. Анан жайлата студенттик курулуш отряддан иштеп тапкан акчама апама белек алууну чечтим. Дүкөнгө барып, "кызыл көздүү" жарашыктуу алтын сөйкөнү шакеги менен кошо сатып алдым. Анан дагы 11 тууганыма арнап, жашына ылайыктап бирден кийим-кече сатып алып жатсам, дүкөнчү аял "Ай, жаш жигит, балдарың барбы?" дейт. “Ооба, 9 балам бар, өзүмдү кошкондо 10 болот. Апам "Баатыр эне" болгон, ошого арнап белек-бечкек алып жатам”,- дедим тамашалап. Айылга барсам, апамдар жайлоодо экен. Солтон-Сары жайлоосуна барып, “Апа, “Баатыр эне” деген алтын медалыңа жарашык болсун, студент кезде белек кылды эле деп, салынып, тагынып алыңызчы” десем апамдын ошондогу кубанычын айтпа! Кийин ошол алтын сөйкө, шакекти өмүрү өткөнчө тагынып жүрүп, көзү өтөөрдө 7 балалуу Адыл инимдин Ырыскүл деген кызына мурас катары ыйгарып берди. Апаке, биз үчүн сиз алтындан да кымбат элеңиз... Арабыздан кеткениңе быйыл 16 жылдан ашты. Өзүңүз көп сүйлөбөгөн, бир сырдуу адам болгонуңуз менен, кээде ачылып тойдун көркүн чыгарып мыкты ырдап, куудулданып боорду эзип койчу элеңиз. Бир жолу тойдо ырдап отурсаңыз, бирөө "Бул кайсы ырчы, артист?"- деп сураган тура. Анда жанындагы купшуңдаган Өкүм байке "Муну тааныбайсыңбы? Бул деген Кыргызстанга эмгек сиңирген артист Зейнеп Шакеева. Турмуштан жолу болбой, ушул чабанга тийип, таланты кор болуп жүрөт" деп тамашалаптыр. Тиги тамашасын түшүнбөй, "Аа, байкуш Зейнеп, кор болгон тура" деп талантына тамшанган адам күрсүнүп коет дейт. Апам көп ырды кубулжута мыкты ырдайт эле. Мага айрыкча, акын Жумакан Тынымсейитованын сөзүнө жазылган обончу Сайыргазы Түркмөновдун "Ай чыкты тоодон суйкайып, отурсам көлдө жүз чайып..." деген ыры өзгөчө жагаар эле. Жайлоодо жүргөндө, сайма сайып же шырдак шырып отуруп алып, кээде бизге ырдап берчү. Көрсө, тоо-ташта жүрүп, ал киши деле бук болсо керек. Апам Керез Жакыпованын 8-класс гана билими бар болчу. Атасы Жакып Улуу Ата мекендик согушка кеткенде курсакта калыптыр. Ошондуктан атын Керез деп койгон экен. Эсимде, апамдын эске тутуусу абдан мыкты болчу. Бир көргөн нерсесин же уккан сөздү унутчу эмес. Ырды да бир жолу укса, сөзү обонун жаттап калчу. Беш жүздөй койдун да ар бирин таанычу. Койго кошунанын койлору кошулуп кетсе, дароо таанып, атам да коңшуларга кошулган койго "Керез, сен барып келчи" деп апамды жиберчү. Балким, апам да эл катары билим алса, мыкты мугалим, эл-журтка таанымал ырчы, врач же окумуштуу адис болмок беле дейм да. Анан өрмөк согуп, чий чырмап, жүн тытып, аны сабап, ийик ийрип, ала кийиз жасап, шырдак шырып деле жаны тынбаган мээнеткеч жан эле. Апамдын дагы бир өнөр, шыгы ачылбай кетти. Тоо-ташта, жайлоо-кыштоодо догдур, оорукана кайдан болсун. Балдары ооруп же жөтөлүп калса өзү эле ырымдап, тоодогу дары чөптөр менен дарылап койчу. Сасык тумоо болуп калган баласына бир чоң чыны бозону кайнатып, ага сызгырылган койдун ич майынан же карындагы сары майдан бир чоң кашык салып, ысык ичирип, төшөк жаап жаткырып койчу. Анан тердегенди көрүп ал, тырмагыңдын учуна чейин тердеп, эртеси куландан соо чуркап, ойноп кетер элек. Кызамык, колу-бутубузга жара чыкса, тоодо өскөн дары чөптөрдөн жаап койсо айыгып кетчүбүз. Тоодогу дары чөптөрдү да кургатып, өзүнчө баштыктарга салып сактап жүрчү. Жөтөлүп же суук тийип калса койдун куйрук майын сызгырып, көкүрөгүңө, далыңа шыбачу. Көк-Дөбө жайлоосунда таң эрте жылкы айдап келчүмүн. Апам мени эрте ойготуп, кымыздын гүлүнөн бир чоң чыны жуткуруп, анан гана жылкы айдап келүүгө жөнөтчү. Кымыздын гүлү ичимди ысытып, тоо-ташты аралай чуркап, жакшы ойлорду ойлоп, дүйнө жүзүн кыдырсам, олимпиадаларга кыргыз калпагын кийип барсам деп тилек кылып, бүт аалам, тоолор алаканымда тургандай жан-дүйнөм чалкып, тоо жаңыртып ырдап жылкыга жөнөп кетээр элем. Анан апамдын курутундай даамдуу курутту элүүдөн ашканы жей элекмин. Карынга куйган сары майычы! Андай сары майды Бишкектен алигиче таппай жүрөм. Жаңы союлган койдун өпкөсүн үйлөп, улам сүт куюп, сары майдан аз-аздан салып бышырган олобосу дале таңдайымдан даамы кетпейт. Боорду эзип, бар аз күрүч кошуп бышырган быжысын да унуталбайм. Таң эрте уй саап, сүт бышырып, тамак жасап, бээ саап, сабаадагы кымызды бышып, буркурата нан жаап, бешиктеги ымыркайына, тамтуң баскан балдарына да убакыт таап, деле жаны тынчу эмес экен. Мен мектепти бүткөн соң Кыргыз Улуттук университетине эки жылдан кийин өттүм. Анда конкурс катуу эле. Анан дагы 2 жылдык эмгек стажы керек болчу. Ошондуктан, 2 жыл облустук "Нарын правдасы" гезитинде иштедим. Журналистика бөлүмүнө өлкө боюнча тандалган 25 кыз-жигит катуу сынактан кийин гана кабыл алынчу. 1-курска өттүм, студент болдум деп сүйүнүп турган кез. Жайдын капортосу. Бир күнү «Алтын бешик» жатакананын кире беришинде мага тааныш килейген фляга, жанында биздин үйдөгү апам колго соккон таар баштык турат. Ары жакта апам отурат! "Төл башым" деп студент болгонумду куттуктап, жайдын аптабына карабай байкуш апам баласына бир фляга кымыз, бир козунун этин алып келиптир... Өмүрү ал кездеги Фрунзе шаарына келип көрбөгөн апам чыгынып, элден сурап, таякем Зарылбектин жашыл «Жигулисин» айдатып алып, жетине албай жетип келген тура. Атам болсо Ак-Сай жайлоосунда, дале мал артында... Апама ыраазы болуп, бир эсе боорум ооруйт, анча эмне кудайдын азабын тартты десең, ач калганым жок го? Көрсө, "Апанын көөнү - балада, баланын көөнү -талаада" деген ошол тура.

Ушунча болду, эми дагы бир сырымды, бугумду айтып алайын. Ай чыккан сайын көзүмдөн жаш тегеренип, маркум апамды эстейм деп жогоруда айттым го. Мен үйдүн тун баласы, 10 бир туугандын улуусу болгондуктан, чоң энем Көбөгөн кызы Шаарба тарбиялап, апам Керезди "жеңе", атам Асангелдини "байке" деп, чынында аларга суук боор болуп өсүп калдым, анымды моюнга алам. Алар да мени эркелетпей, алысыраак кармап, чоң энемден ыйбаа кылып, элжиреп турса да оолак болушчу тура. Андан да кызыгы тилим чыкканда "Эжеапай" деп чыккан экен. 1-класска барганга чейин апамды "Эжеапай" дечүмүн. 1-класстан эле балдар апасын "эжеапай" дейт деп мени аябай шылдыңдашты. Үйгө ыйлап келсем, чоң энем "анда жеңе" деп айт деди. "Эжеапайга" көнүп калган жаным, көнө албай жүрүп, көптө "жеңе" деп көндүм. Менин таасирим менен кийинки үч иним да чоңойгончо, эр жеткенге чейин деле апамды "эжеапай" деп жүрүштү. Мага ушул сөз азыркыга чейин жагымдуу, жакшы угулат. Кийин гана чоң энем каза болгон соң 25 жашымда көпкө чейин өз апамды апа дей албай жүрдүм. "Мамаша" деп койчумун. Акыркы 10-15 жыл гана апа деп ооз учумдан айтып жүрүп, араң дегенде көндүм. Бирок, апама башка балдарындай болуп эркелей албай, мээримине канбай арманда калдым. Менден кийинки балдарын эркелетип жатса, абдан жаман ыңгайсыз абалда болчумун...

“Он балаңдын кимисин жакшы көрөсүз?” дешсе, оорукчал карындашым бар. "Баарын жакшы көрөм, бирок Гүлкайырды артык көрөм" деп калчу, жарыктык... Өзү да өпкөсүнөн "жаман" оору (рак) менен ооруп, акыркы жылдары колумда 2-3 жыл туруп калды. Бир жолу "менин оорум жаман экен, балдарыңа жугуп калбасын, айылга, Эчки-Башыга эле алып барып салчы, Кудай айтканын көрөрмүн" дейт. “Апа” деп бала кезден бери айтпай калгандыктан, акыркы мүнөттөрүнө чейин жанында болгум келди. Колдон келгенин кылдык, акыры шум ажал апамды алып тынды. 16 жылдан бери апамды эстеп, мээримине канбай калып, ичимден сыздап, зыркырап, сабырым суз жүрөм. Ошондуктан, балдардын баары апасын "апа" деп айтып, ага эркелеп өссүн, апанын кадыр-баркын билсин деген ой менен бул макаланы жазып жатам. Апаңарды ылайым "жеңе, же эже " дебегиле. Айылга барганда апабыз кошуна-колоңдордун үйүнө кирип кеткен болсо, келгичекти үйгө кирбей күтүп турчубуз. Биринчи эле сөзүбүз "Апам үйдөбү?" деп сурачубуз. Айылга барган сайын апам жок, үйдүн куту учкандай таасир калтырып, апамдын артында калган атамды аяп кетем. Азыр да уулдарым Жоомарт менен Кутман, кызым Жанар да үйгө баш багар замат "Апам үйдөбү?" деп, апасын сурашат. Апасы үйдө болсо, көңүлдөрү жай болуп, жыргап калышат. Апа деген керемет жан экенин, ыйык болоорун, эне сүтүн эч убакта актай албасымды кеч билип калганыма ичим жаман ачышат. Чоң энемди апамдан артык, жакын көрчүмүн. Ал киши да "сени мен туугам, булар сага байке, жеңе болот" деп алардан мени кызганып турчу. Эми чоң энелерге айтаарым, Сиздер ичиңерди тарытпай, небереңер канчалык ысык болсо дагы өз апасынан кызганбай, "бул сенин апаң" деп ачык айтып, суук боор кылбай, балдарына жакын кылып таалим-тарбия бергилечи. Алар да мендей кийин өкүнүп, бармак тиштеп калышпасын дейм ... Чынында АПА деген үч тамганын ичинде, ай-ааламды титиреткен, жан дүйнөнү козгогон керемет күч, чексиз мээрим, айкөл сүйүү жатат тура. ЭНЕнин урматы үчүн балким бул дүйнөнү жаратып, баласын 9 ай көтөртүп, омурткасын сыздатып, энелик сүйүүнү тартуу кылган белем. Апа баласын сүйгөндөй сүйүү эч дүйнөдө жок экени айкын. «Бейиш-эненин таманында» дейбиз, көзү өтүп кеткенден кийин апаларды бейишке өтсө экен деп тилейбиз. Эмне үчүн айрымдарыбыз ушул жашоодо аларды бейиште жашагандай барктай, баалай албай арман кылабыз. Апам болбосо бул жарык дүйнөнү качан көрөт элем. Өмүр деген керемет дүйнөгө алып келген өзүң элең… Анан ушунча жашка чыкканы «энеңди» деп сөккөн жокмун. Ушинтип сөккөн адамды да жаман көрөм. Апаларга тил тийгизбейли. Менин апамдай апа эки дүйнөдө жок деп ар бир инсан айта алат, себеби алар ошого татыктуу... Адамзаттын таалим-тарбиясынын башаты, адам болуп калыптанышы энеден башталат. Ошол кездеги ак сүтүнөн уюткубуз кандай болсо, ошого жараша адам болуп өсүп-өндүк. Бул чындыкты эч ким таналбайт.

Меникиндей калыс, жароокер, чыдамкай, күжүрмөн, мээнеткеч, абдан мээримдүү, бирде шайыр, бирде куудул, колунан көөрү төгүлгөн, укмуштай ырдаган асыл апа мен үчүн жок эле бул дүйнөдө... Айылыма барган сайын апамдын жоктугу сезилип, умсунуп, улутунуп, арман кылып жүрөм. Бир түндүк эле ак сүтүңдү актай албадым деп өзүмдү күнөөлүү сезип калам... Бул эскерүүнү окуган жаштар, уул-кыздар апанын ыйыктыгын, эң кымбат адам экенин, балдары үчүн жанын садага чабууга даяр экенин билсе дейм. Мендей болуп, эненин баркын, баасын кеч түшүнүп, бармак тиштеп калбаса дейм. Бул айткандарым жаштарга сабак, нуска болор…