Коом
“Кабар” маалымат агенттигин басууга аракет кылышууда
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
“Кабар” маалымат агенттигин басууга аракет кылышууда
© Элита плюс

Белгисиз адамдар мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигин басып алууга аракет кылышкан. Бул тууралуу кызматкерлер билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн редакцияга бир нече жаштар келип, башкы директордун кабинетине киришкен.

«Алардын бири өзүн журналистмин деп тааныштырды. Директор аны менен сүйлөштү. Андан кийин алар кетишти. Азыр элдик кошуундагы адамдар бизге жардамга келишти, биз өзүбүздү коргойбуз», – дейт «Кабардын» кызматкерлери.