Коом
Израиль менен айыл чарба тармагында кызматташтык жакшыртылууда
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Израиль менен айыл чарба тармагында кызматташтык жакшыртылууда
© Элита плюс

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркин Чодуев Израилдин элчиси Лиат Вексельман менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандан Израилге ак бал менен кургатылган мөмөлөрдү экспорттоо талкууланды. Мындан тышкары министр "MAШАВ" программасынын алкагында эки өлкөнүн кызматташуусун активдештирүү керектигин билдирди. Өз кезегинде элчи айым Израилдеги айыл чарба университетинин кыргыз студенттерин "MAШАВ" программасынын алкагында онлайн режиминде окутуу боюнча долбоордун сунуштады. Бул кыргыз студенттерине өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана тамчылатып сугаруу жаатында тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле жолугушуунун алкагында министр Кыргызстан менен Израилдин тиешелүү министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү сунуштады.