Коом
Израиль өлкөсү Кыргызстанга гуманитардык жардам берди
Элита плюс
Июль 24, 2020 г.
Израиль өлкөсү Кыргызстанга  гуманитардык жардам берди
© Элита плюс

Израиль өлкөсү Кыргызстандын коронавируска каршы күрөшүн колдоо иретинде гуманитардык жардам берди. Жеке коргонуучу каражаттарды аталган өлкөнүн элчиси Лиат Вексельмандан Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кабыл алды. Израиль саламаттык сактоо багытында кызматташтыкты улантып, дагы жардам берет. Эки өлкө мындан сырткары туризм, билим берүү тармагында да алаканы арттыруу ниетинде.