Дүйнөдө
Издөөдөгү чет мамлекеттин жараны кармалды
Элита плюс
Февраль 27, 2023 г.
Издөөдөгү чет мамлекеттин жараны кармалды
© Элита плюс

Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү") каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды.

Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.

Учурда УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.