Спорт
Исламбек Орозбеков Дүйнө Кубогунун жарым финалына чыкты
Элита плюс
Декабрь 16, 2020 г.
Исламбек Орозбеков Дүйнө Кубогунун жарым финалына чыкты
© Элита плюс

Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери башталды. Бүгүнкү беттеште эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары килемге чыгып жатышат.

Мелдешке 70 килограмм салмак ченинде катышкан Исламбек Орозбеков алгач Албаниянын балбаны менен кез келмек. Албаниялык атаандаш беттешке чыкпагандыгына байланыштуу кыргыз балбаны чейрек финалга чыгып, чейрек финалдык беттеште индиялык балбанды 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Муну менен Исламбек Орозбеков Дүйнө Кубогунун жарым финалына чыга алды. Жарым финалда ал быйыл Рим шаарында өткөн Европа чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон түркиялык Хайдар Явуз аттуу балбан менен кез келет.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те башталат.