Коом
Ишкерлик субъекттерин каржылоого акча бөлүндү
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
Ишкерлик субъекттерин каржылоого акча бөлүндү
© Элита плюс

Өкмөт тарабынан буга чейин жактырылган «Ишкерлик субъекттерин каржылоо» Программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарга 4,2 млрд сом бөлүндү, анын ичинде Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд сом жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кредиттик аукциондор аркылуу 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарда ишкердик субъекттерин колдоого багытталган.

«Ишкерлик субъекттерин каржылоо» Программасынын алкагында каражаттар негизги каражаттарды (сатып алууга, жаңылоого, негизги каражаттарды кеңейтүүгө жана модернизациялоого) жана жүгүртүү каражаттарын (сырье, комплектөөчү, запастык бөлүктөрдү сатып алууга) кредиттөөгө, ошондой эле кредиттерди кайра каржылоого багытталат.

Салыктык башкарууну санариптештирүүнү киргизүү максатында салык процедураларын фискалдаштыруу компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, программалык ККМ, товарларды маркалоо) колдонгон чакан жана орто ишкерлик субъекттерине жеңилдетилген кредиттер берилет.

2020-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Ишкерлик субъекттерин каржылоо» Программасынын алкагында 8 коммерциялык банкка жалпы суммасы 1,4 млрд сом болгон кезектеги траншты бөлдү:

«Айыл Банк» ААК - 350 млн сом,

«РСК Банк» ААК - 350 млн сом,

«Бакай Банк» ААК - 210 млн сом,

«Оптима Банк» ААК - 200 млн сом,

«Кыргызстан Коммерциялык Банкы» - 120 млн сом,

«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖЧК - 120 млн сом,

«Банк Бай Түшүм» ААК - 30 млн сом,

«Финанскредитбанк» ААК - 25 млн сом.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктар үчүн жалпы суммасы 840 млн сомго 2 аукцион өткөргөн, анын жыйынтыгы боюнча 6 коммерциялык банк ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө үчүн каражаттарды алышты.