Коом
Ишкерлер Ички иштер министрлигине 6 унаа тапшырды
Элита плюс
Декабрь 22, 2020 г.
Ишкерлер Ички иштер министрлигине 6 унаа тапшырды
© Элита плюс
Ишкерлер Ички иштер министрлигине 6 унаа тапшырды
© Элита плюс

Бишкекте ишкерлер тарабынан Ички иштер министрлигине берилген 6 автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, унаанын ачкычын тапшыруу аземине ИИМдин башчысы, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктагы кызматтарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жеке ишкер Кайрат Аманов милиция кызматкерлерине кайрылып, "Ушул жылдын 5-6-октябрда болгон окуяда ички иштер органдарынын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер Жаңы жыл алдында биздин милицияга автоунаа тапшырууну чечкенин айтып өттү", - деди ал.

Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков демөөрчүлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо боюнча алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күчүн жумшарын баса белгиледи.

"Бул автоунаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарына, Ош шаарына жана ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет. Сиздердин берген жардамыңар коомдук тартипти камсыздоого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө бизге жардам берет", - деп баса белгиледи министр.