Коом
Ишкер айымдарды колдоо фонду: Кыргызстанда аялдардын 37% гана ишкерлик менен алектенет
Элита плюс
Март 09, 2021 г.
Көрүүлөр: 0
Ишкер айымдарды колдоо фонду: Кыргызстанда аялдардын 37% гана ишкерлик менен алектенет
© Элита плюс

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда аялдардын 37% гана ишкерлик менен алектенет. Бул тууралуу Ишкер айымдарды колдоо  коомдук фондунун төрайымы Асель Кубанычбекова билдирди.

«Эгерде биз расмий маалыматтарга таянсак, анда өлкөдө жашап жаткан айымдардын 37% гана ишкерлик менен алектенет, ал эми көмүскөдө иш алып барып жаткан айымдарды эсептесек алардын саны 50% жетиши мүмкүн», - деди Асель Кубанычбекова.

Анын айтымында Кыргызстандын элинин жалпы санынын 50% аялдар түзсө алардын 64% элет жеринде жашаган айымдар.

«Андыктан биз айымдарга колдоо көрсөтүүнү, өзгөчө элеттик аялдарды колдоону биринчи орунга коюшубуз керек. Себеби ошол эле жумушсуздук, миграция маселелери айылдарда көбүнесе курч турат. Ал эми айымдар үй-бүлөсү менен кошо жеке ишкерликти алып кете турган болсо көптөгөн үй-бүлөдө да коомдо да социалдык, экономикалык маселелер өзүнөн өзү чечилет эле», -дейт фонддун башчысы.

Ошону менен катар Асель Кубанычбекова ишкерлик менен алектенүүнү каалаган аялдардын саны жылдан өскөнү менен эркектерге салыштырмалуу айымдарга бизнести баштоо, аны андан ары алып кетүү бир топ кыйынчылыктарды жаратат.

«Ишкерликти алып кетүү үчүн айымдарга биринчиден эле үй-бүлөсүнүн, коомдун колдоосу абдан маанилүү. Бул көйгөйлөр чечилгени менен деле аялдар көпчүлүк убакыттарда гендердик теңсиздикке, түшүнбөстүктөргө же болбосо каржы маселесин чечүүдө, өз продукциясын сактоо, сатуу сыяктуу кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүүсү мүмкүн. Андыктан биз ишкер айымдарды, өзгөчө элет жеринде иш алып барып жаткан аялдарды колдоо максатында өнөктөштөрүбүз менен биргеликте эки айга созула турчу «Айымдарды колдо» акциясын ишке ашырууга белсендик»,- деди Асель Кубанычбекова.

Анын аймында, мындай иш-чара айымдарга өз продукциясын таанытууга сатууга өбөлгө түзөт. Анткени,алар үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын соода борборлорунда атайын соода орундары бөлүнүп берилген. Акциянын максаты коомчулукка аялдарды колдоо канчалык маанилүү экендигин жеткирүү.

«Пандемияда эле айымдар канчалык кыйынчылыктарга туш болгонун эстесек, биз айымдарды колдоо үчүн, болгон күч аракетибизди жумшообуз зарыл.Биздин уюм өткөн жылы 1000 ге жакын айымдарга ишкерликтин жолун көргөзүп бердик, ал эми сиздер болсо алардын продукциясын сатып алуу менен айымдарды колдой аласыз. Биз жалпыбыз бириккенде гана өлкөбүздө айымдардын ишкерлигин колдой алабыз», - деп баса белгиледи Асель Кубанычбекова.

Белгилей кетсек, иш -чаранын жыйынтыгында, ишкер айымдарга көмөк көрсөтүүчү мобилдик тиркеме түрүндөгү онлайн платорма иштетилип чыгат. Анда кыргызстандык айымдар өзүлөрүнүн продукциясын онлайн түрүндө соода -сатыкка чыгара алышат.

Эскерте кетсек, «Ишкер аялды колдо» акциясы «Ишкер айымдарды колдоо коомдук фонду тарабынан уюшулуп, ага Норвегия жана Швеция тарабынан каржыланып жаткан ООН — Аялдар эл аралык уюмунун,ВПП,ООН, ФАО жана ИФАД «Элеттик айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» (JP RWEE) программасынын жардамы менен ишке ашты.