Парламент
“Ишеним” парламенттик фракциясы Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү
Элита плюс
Май 13, 2023 г.
“Ишеним” парламенттик фракциясы Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү
© Элита плюс
“Ишеним” парламенттик фракциясы Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү
© Элита плюс
“Ишеним” парламенттик фракциясы Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү
© Элита плюс
“Ишеним” парламенттик фракциясы Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү
© Элита плюс
“Ишеним” парламенттик фракциясы Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү
© Элита плюс

12-майда Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясы Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Балыкчы шаарында жайгашкан Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө өткөн фракция жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, райондук түзүмдөрдүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери, ошондой эле шаар тургундары катышты.

Иш-чараны ачып жатып, фракция лидери Улугбек Ормонов шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалын, мамлекеттик жана муниципалдык программалардын аткарылышын карап чыгуу, муну менен катар Балыкчы шаарынын тургундарынын көйгөйлөрдү талкуулоо максатында фракциянын көчмө жыйыны уюштурулганын белгиледи.  

Аталган маселелер боюнча Балыкчы шаарынын вице-мэри Жакшылык Бугубаев маалымат берди. Вице-мэр шаардын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө токтолуп, кичи жана орто бизнестин абалы, муниципалдык ишканалардын иши жана социалдык мекемелердин жагдайы тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 356,6 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн. Ошондой эле 2023-2027-жылдарга шаарды өнүктүрүү планы иштелип чыгып, ал шаардык кеңештин кароосуна киргизилген.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү эл бир катар көйгөйлөрдү көтөрүшүп, Ысык-Көл облусунда эң оор абал Балыкчы шаарында экенин, анткени калкты иш менен камсыз кылуу, дыйканчылык менен мал чарбачылыкты өнүктүрүү жана жер тилкелерин алуу маселеси курч экенин кошумчалашты. Мындан улам шаардыктар “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагындагы жеңилдетилген насыялар дыйкандарга гана берилип жатканына нааразычылыгын билдиришти.

Андан тышкары, тургундар эмгекке жарамдуу эркектердин 50%га жакыны Балыкчы шаарындагы кайра жүктөө базасына Кара-Кечеден көмүр ташуу менен алектенээрин белгилеп, унааларга жүктөлүүчү жүктүн белгиленген көлөмүн жогорулатуу маселесин кароону сунушташты.

Муну менен катар жергиликтүү эл шаардын башкы планынын жоктугуна, Тоң районунун айрым айыл өкмөттөрүн кошуу менен Балыкчы шаарынын чек арасын жана аймагын кеңейтүү зарылчылыгына көңүл бурушту. Өз кезегинде депутат Сүйүнбек Өмүрзаков бул маселе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирерин белгиледи.

Ошондой эле социалдык инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү маселеси айтылып, 2018-жылы курулушу башталган Абдылдаев атындагы мектептин имараты каражаттын тартыштыгынан бүгүнкү күнгө чейин бүтө электиги маалымдалды. Айрыкча шаарда коомдук транспорттун жетишсиздиги негизги көйгөй катары көтөрүлдү.

Мындан сырткары, шаардагы мунай базасын өнөр жай аймагына өткөрүүнү демилгелешти. Ал эми шаар мэри  базаны өткөрүп берүү долбоору даярдалып, Балыкчы шаардык кеңешинде каралып жатканын билдирди.

Талкуу маалында экологиялык маселелерге да токтолгон тургундар шаардык ооруканага компьютердик томография аппаратын бөлүп берүүнү да өтүнүштү.

Жыйындын соңунда Балыкчы шаарынын өнүгүшүнө зор салым кошкон бир катар инсандарга “Ишеним” парламенттик фракциясынын атынан Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Алсак, көчмө жыйынга депутаттар Чолпон Султанбекова, Миргүл Темирбаева, Сүйүнбек Өмүрзаков, Русланбек Жакышов жана Медербек Алиев катышууда.

Эскерте кетсек, фракциянын жыйынын Тоң районунда уланат.