Маданият
Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү
Элита плюс
Июнь 30, 2020 г.
Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү
© Элита плюс

Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов, КР эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, тарыхчы Гапыр Мадаминовду кабыл алды.

Өкүл Мадаминовго, улуу инсан, Баткенден чыккан мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков жөнүндө китеп жазганы үчүн терең ыраазычылык билдирип, улуу инсандын басып өткөн жолу келечек муунга мурас, ишмердиги жетекчилерге үлгү экенин белгилеп, авторду “Ардак грамота” менен сыйлады.

Ал эми Гапыр Мадаминов ыйгарым укуктуу өкүлгө мамлекеттик, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, китебин белекке берди.

И.Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында жарык көргөн, “Исхак Раззаковдун инсандык жетекчилик өзгөчөлүктөрү” деп аталган китепте, анын өмүр таржымалы, инсандык асыл сапаттары, жетекчилик жөндөмү, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө кошкон салымы жөнүндө кеңири жазылып, ар бир адамдын инсандык сапаттарын калыптандырууга, руханий жактан өзгөрүүгө пайдалуу маалыматтар камтылган.

Автор бул китепти 30 жылдык изилдөөсүнүн натыйжасында жазып чыкты. Бул анын экинчи китеби, буга чейин да ал Исхак Раззаковдун 100 жылдыгында да атайын китеп жазган.

Бул китептин өзгөчөлүгү тарыхий, архивдик далилдер.

Китеп 1000 нускада жарык көрдү.