Коом
Ипотекага бериле турган үйдүн курулушу башталды
Элита плюс
Сентябрь 19, 2020 г.
Ипотекага бериле турган үйдүн курулушу башталды
© Элита плюс

Ош шаарынын Достук кичи шаарчасында мэрия тарабынан ипотекага бериле турган экинчи көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, жакында ипотекалык негизде берилүүчү үчүнчү үйдүн курулушу башталарын билдирген.

"2019-жылы 80 батирлүү биринчи үйдүн курулушу башталган. Ал үйдү кийинки жылдын март айында колдонууга берүүнү пландап жатабыз. Учурда Достук кичи шаарчасында 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул көп кабаттуу үй 2022-жылдын март айында курулуп бүтөт. Жакында үчүнчү үйдүн капсуласы салынат. Келечекте шаар тургундары, мекеме-ишканаларда эмгектенип жаткан жөнөкөй кызматкерлер үчүн арзан баадагы ипотекалык турак жайлар курулуп, үйгө болгон муктаждыгын акырындык менен жоебуз. Мындан тышкары шаарыбызда социалдык объектилер да курулуп жатат", - деди ал.

Шаар мэри мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да үй куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып өттү.

Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык ипотекалык ишкананын башчысы Кутманалы Абдрахман уулунун айтымында, жаңыдан курулушу башталган 9 кабаттуу үйдө 90 батир болот. Биринчи кабатында жергиликтүү жашоочулар үчүн поликлиника курулат. Ошондой эле 60 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай болуп, көп кабаттуу үйгө баруучу ички жолго асфальт төшөлөт.