Дүйнөдө
"iPhone 11" смартфону дүйнөдө эң көп талап кылынган смартфон аталды
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
"iPhone 11" смартфону дүйнөдө эң көп талап кылынган смартфон аталды
© Элита плюс

"Apple" компаниясынын "iPhone 11" смартфону дүйнөдө эң көп талап кылынган смартфон аталды. Алты айдын ичинде 37,7 миллион даана телефон сатылган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазды. Маалыматка караганда, суроо-талап боюнча "Samsung Galaxy A51" чөнтөк телефону 2-орунду ээледи. Ушул жылдын биринчи жарымында бул телефондон 11,4 миллион даана сатылды. Ал эми "Xiaomi Redmi Note 8" смартфону үчүнчү орунга илинип, бул гаджеттин 11 миллион даанасы сатылды. Белгилей кетсек, 2019-жылы дагы эң көп изделген смартфон "Apple" смартфону болгон. Ошол учурда "iPhone XR" телефону 26,9 миллион даана сатылган. Кийинки орундарды "Samsung Galaxy A10" жана "A50" ээлеген.