Аймактар
“Максатым-мамлекетке жана элге ак кызмат кылуу”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
“Максатым-мамлекетке жана элге ак кызмат кылуу”
© Элита плюс
“Максатым-мамлекетке жана элге ак кызмат кылуу”
© Элита плюс
“Максатым-мамлекетке жана элге ак кызмат кылуу”
© Элита плюс
“Максатым-мамлекетке жана элге ак кызмат кылуу”
© Элита плюс
“Максатым-мамлекетке жана элге ак кызмат кылуу”
© Элита плюс
“Максатым-мамлекетке жана элге ак кызмат кылуу”
© Элита плюс

“Өмүр, адилеттик жана ар намыстын тамыры бир” демекчи, эл башкарууда ар бир жасаган ишине жоопкерчиликтүү болуп, мыйзамдын чегинде калыстыктан тайбай, түз жыйынтык чыгарып, так жана калыс иш алып баруу мыкты жетекчинин гана колунан келет. Арийне, өзүнүн негизги иш милдетин эске албастан, капчыгын гана толтуруунун камын көргөндөр адилет, таза иштеген кызматкерлердин бейнесине көлөкө түшүрүп жатканы жашыруун эмес. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда узак жылдар таза иштеп, элдин ишенимине арзыган жетекчилер арабызда бар экени кубандырат. Булардын катарына чыныгы профессионал, билими, эрудициясы бийик, эрки күчтүү, бардык кыйынчылыкты сабырдуулук менен жеңген КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары, мамлекеттик кызматта 36 жыл иштеген Асизов Касен да кирет. Ал 1960-жылы Кочкор районунда туулган. Атасы Жумагулов Асиз белгилүү журналист, Кочкор райондук “Эмгек туусу” газетасында көп жыл үзүрлүү эмгектенген. Кийин мектепте директор, завуч, андан соң партиялык кызматтарга көтөрүлгөн. Касен 1977-жылы орто мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги политехникалык институттун курулуш иштерин уюштуруу боюнча инженер-экономист факультетине тапшырып окууга өтүп, 1982-жылы ийгиликтүү аяктайт. Эмгек жолун Кочкор айылындагы курулуш дирекциясында экономист болуп баштап, үч жыл иштеп такшалат. Андан кийин, 1985-1990-жж. райондук комсомол комитетинин 1-катчысы болот. Райондук, партиялык комитетте жана райондук Кеңеште уюштуруу иштерин жетектейт. Кочкор райондук Кеңештин төрагасынын орун басары болуп дайындалат. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы акимчилик болуп уюштурулган кезде башкы адис, аппарат жетекчиси, акимдин орун басары болуп эмгектенет. 2014-жылдын февралынан баштап Нарын облусунун ыйгарымдуу өкүлүнүн 1-орун басары болуп үзүрлүү эмгектенип келет. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон. Ар бир адам өзүнө берилген бир өмүрүндө сүйгөн кесибин аркалоо менен өзүнүн тагдырын, адамдык жүзүн таанытат турбайбы. “Аракеттен адат, адаттан мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат” дегендей, атасы Асиз аксакал да кезегинде Кочкор, Чолпон райондорунда 1-катчы болуп татыктуу эмгектенген. Бир тууган агасы Аалы да Кочкор райкомунда 1-катчы болуп иштеп элге таанылган. Касен да ата жолун улантып жашынан коомдук ишке тартылып комсомол комитетинде иштеп, райондогу жаштардын көптөгөн көйгөйлүү маселелерин көтөрүп чыгып максаттуу иштерди жасаганга жетишет. Ал кездеги Кочкор райком партиясынын 1-катчысы Корчубек Акназаровдун көңүлү бурулуп, алысты көрө билген кыраакы көсөм жетекчи Касендин дараметин, эмгекчил тырышчаактыгын, уюштургуч жөндөмүн баамдап-баалап райондук комсомол комитетинин 1-катчылыгына дайындайт. Иштемчилдигинин натыйжасында партиянын бюро мүчөлүгүнө да кабыл алынат. Партиянын пленум-чогулуштарына катышып көптөгөн чарбаларды кыдырып ишке каныгат. Кийин союз тарап, эгемендүүлүк орногон мезгилдерде 1995-жылдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси, акимдин орун басары. Кийин 1-орун басары кызматтарын аркалап 18 жыл үзүрлүү эмгектенет. Ал жылдары көптөгөн алдыңкы жетекчилер менен үзөңгүлөш иштешип, көп тажрыйба топтогон. Айтбаев Тариел, Акиев Элеман, Кожеков Өмүрбек, Ногоев Арстанбек ж.б. инсандардан жакшы таалим алган. Кадрларды тарбиялап, даярдап өстүрүү, кемчиликтерге жол бербөөгө үйрөтүү, жетекчилик кызматтарга такшалтып олтуруп жеткирүү сыяктуу жакшы салттар ал кезде арбын эле. Т.Усубалиев республиканы 25 жыл башкарган көрүнүктүү көсөм жетекчи болгон, ал өзүнүн кичи мекени Кочкорго келген сайын эл менен жолугушуп, иш билгилиги менен орчундуу маселелерди чечип берип турууга жетишкен. Айрыкча ирригациялык каналдарды, суу насосторун куруп иштетүүдө жана Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу Т.Усубалиевдин демилгеси менен башталган. Бул жумуш “Ашар” жолу менен башталгандыктан К.Асизов курулуш ишин тейлеп, күндүр-түндүр жумуш үстүндө болуп, Т.Усубалиев менен үзгүлтүксүз байланышып ал кишинин кеп-кеңешин, акыл-насаатын угуп тыгыз иштешкен. Анда эмесе, калган кепти өзүнөн тыңдайлык: Касен АСИЗОВ, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары: “Милдеттүү түрдө кыргыз тилибизди өркүндөтүшүбүз абзел” -Жетекчи ар дайым элдин көз кырында, тил учунда болот. Эл-журтка ак кызмат кылууда оболу кайратмандыктан, калыстыктан тайбаш керек. Кандай иш болбосун өз өрнөгүңдү көрсөтүүгө жетишүү абзел. Адамдын бардыгына тегиз жагыш мүмкүн эмес. Андыктан, ар кандай оор жагдайга туш келсең өзүңдү татыктуу сезип, алган билимиңди, топтогон тажрыйбаңды пайдаланып чыдамдуу жана көтөрүмдүү болсоң турмуштагы ар кандай кыйынчылыктарды жеңип кетесиң. Жашоодо пейилдин тазалыгы, руханий байлык жана кыйышпас досторуң сага арка бел, өбөк-жөлөк болот экен. Кабинетке ар кандай суроо-талап, өтүнүч менен үмүт артып келишет. Сырттан ким гана келбесин ордуңдан утурлай тосуп алып, ал жайын сурап, көңүл коюп сөзүн угуп, ишинин жагдайына жараша, мыйзамдын чегинде калыстык менен жардам берүү зарыл деп эсептейм. Айрыкча кары адамдарга бөтөнчө көңүл бөлүп, жылуу коштошуп колтуктап кабинетиңден узатып койсоң көңүлү көтөрүлүп чыгат, өзүңдүн болсо баркың көтөрүлөт. Бул насаатымды азыркы мамлекеттик кызматты аркалап иштеп жатышкан жаштарга кайрылып айткым келет. Быйылкы жыл Президентибиз тарабынан “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланып өзгөчө болууда. Бул биз үчүн абдан жоопкерчиликтүү иш десем жаңылышпайм. Региондорду өнүктүрүү максатында өзүбүздүн алдыбызга көп милдеттерди коюу менен аткаруунун аракеттерин көрүп жатабыз. Азыр эң биринчи кезекте, 2018-2023 жылга чейинки өнүгүү программабызды түзүүдөбүз. Милдеттерибизди системалуу түрдө өткөрүү үчүн жыл башынан бери карай бардык тармактарда жана айыл өкмөттөрүнүн отчеттук чогулуштарын өткөрүп беш жыл аралыгында кандай жумуштарды жасайбыз деп, өнүгүү программаларын тактап чыгышты. Андыктан, облусубуздун өнүктүрүү программасын түзүү багытында атайын жумушчу топ түзгөнбүз. Биздин облус негизинен агрардык айыл чарбалуу жана мал чарбалуу болгондуктан, мал чарбасына басым жасалып көп жакшы саамалыктар жаралууда. Алсак: өткөн жылдын октябрь айында Кочкор айылында мал союучу заманбап ишкана курулуп ишке берилди. Бул ишкана Евро Азия экономикалык биримдигинин алкагына сапаттуу эт продукцияларын экспорттоочу ишкананын реестринин тизмесине киргизилип, продукцияларды сыртка чыгарууга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Мындан тышкары, Нарын шаарында да мал союучу ишканаларды куруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Азыркы тапта малдан алынган продукцияларды арбын көлөмдө өндүрүү боюнча суроо-талап чыгууда. Ошол себептен фермерлерге жана эл менен жолугушкан учурларда-малдын санына эмес сапатына көңүл буруу боюнча түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүүдөбүз. Бул боюнча облустун жетекчиси Аманбай Кайыпов да Өкмөткө маселе коюп, асыл тукум малдарды алуу боюнча жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн аракеттерди жасоодо. Учурда облусубуздун аймагында “Асыл тукум” деген статусун алган 23 фермердик чарбаларыбыз бар. Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл аймагында Адилет аттуу фермер Орусиядан эт багытындагы уйларды алып келип, алардын башын 900гө чейин жеткизип багып өстүрүүдө. Эмки максат бул уйлардын башын көбөйтүү менен облус боюнча жайылтсакпы деген чоң аракеттер болууда. Андан тышкары климаттын жана жердин шартына ылайык, сүт багытындагы уйлар аз болгондуктан, сүт багытындагы уйларды алып келип өстүрүү боюнча да алгылыктуу аракеттерди жүргүзө баштадык. Ошого ылайык Нарын шаарында суткасына 150 тонна сүттү кайра иштете турган заводдун курулушу башталуу алдында турат. Пордукцияларды сыртка чыгарыш үчүн тиешелүү сертификаттар жана зарыл болгон лабораториялар талап кылынат. Ушу тапта Нарын шаарында фитосанитардык лабораториялар заманбап курулуп иштеп жатат. Буларга 5 млн. сомдук жаңы жабдуулар алынып келинди, дагы кошумча келет деп күтүп жатабыз. Андан тышкары, бир катар кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча да келишимдер түзүлүп, иш-аракеттер жүрүүдө. Мында, “Россия-Кыргызстан” өнүктүрүү фондусунун алдындагы “Кепилдик” фондусунун жана “Айыл банк”, “РСК” банктын өкүлдөрү да келип сүйлөшүп кетишти. Буларга жалпы 22 долбоорду сунуштап киргизгенбиз, аны карап жактырышууда. О.э. “Кепилдик” фондусу кепилдикке коюлган каражаттын 50 пайызын өздөрү төлөп беришүүдө. Бул кардарлар үчүн абдан жакшы жеңилдик жана саамалык. Бүгүнкү күндө 62 долбоорго 18 млн. сомго кепилдик берилди. Баш аягы 50 млн. сомго насыя кредиттер алынды. Бул иш чараны дагы кеңейтип, улантууну колго алуудабыз. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча жеңилдетилген насыялар 6% менен бериле баштады. Ал эми, талаачылык иштери боюнча, бизде жалпы 40000 гектардан ашык айдоо аянттарыбыз бар. Алардын ичинен 24000 гектарга кылкандуу дан эгиндери, 6000 гектардан ашуун жерлерге картошка жана жашылча жемиштер айдалып турат. 70000 гектардан ашык жерлерге көп жылдык чөптөр өстүрүлөт, мунун баары 4 түлүк малга болгон камкордук десек болот. Эң негизгиси биздин облусубуздун сыртка чыгарууга жарамдуу, эң өтүмдүү бренди болгон картошканы 6000 гектар жерге кеңейтип айдап өстүрүүдөбүз. Айрыкча, биздин облусубузда өстүрүлгөн картошканын сапаты абдан жогору болгондуктан коңшу Өзбекстан бизден эт жана картошка алабыз деп сунуштарын беришүүдө. Андыктан, картошканы чоң көлөмдө сактоочу логистикалык борборлорду түзүү зарылчылыгынан улам, Кочкордо Япония мамлекетинин “Жайка” уюму тарабынан акча каражаты чечилип, логистикалык борборду куруу иштери колго алынууда. Азыр ошондой логистикалык борборлорду Нарын облусунун бардык аймактарына салууну пландап жатабыз. Картошка аянттары да улам кеңейүүдө. Биз милдеттүү түрдө мамлекеттик тилибизди өркүндөтүшүбүз абзел. Ата-бабабыз тумардай туу туткан ыйык тилибизди биз билип барктабасак, анда ким келип барктап берет?! Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген кызматкерлердин бардыгы, 2019-жылдан баштап кыргыз-тили боюнча атайын тестирлөөдөн милдеттүү түрдө өтө башташат. Мында мамлекеттик тилди билбеген кызматкер жана жаран мамлекеттик кызматта иштебейт деген тыянак чыгарылат. Бул абдан туура, калыс чыгарылган чечим. Биздин облусубуздун келечеги абдан кеңири, жерибизде кен байлыктарыбыз, республиканын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн жайыттарыбыз жана күжүрмөн эмгекчил калкыбыз менен сыймыктанабыз! Жалпы элибизге тынччылык, ынтымак, ден-соолук, бакубат жашоо, байгерчилик каалайм.
“Мыктысын сыйлаган эл өсөт” демекчи, Касен Асизович атанын баласы, элдин кулуну деген жогорку наамга татыктуу болуп турган чагы. Кыйла көптөгөн мамлекеттик жетекчилик кызматтарды, турмуштук баскычтарды басып өтүп, көрүнүктүү мамлекеттик кызматкер жана ишмер катары таанылып, эл мүдөөсүн талыкпай аткарууда. “Жакшынын жарыгы элге тиет” дегендей, эл үчүн жасаган татыктуу эмгегиңиз менен даңкталып, ишиңиз алга илгерилеп, ойлогон жакшы иш максаттарыңыз ишке ашсын! Өмүрлүк жарыңыз Бактыгүл экөөңүздөр турмушта өз бактыңыздарды таап, абдан мээнеткеч, сарамжалдуу, камкор ардактуу ата-эне болуп, уул-кыздарыңыздарды татыктуу тарбиялап жогорку билимдүү кылып жетилтип, эл керегине жараган адамдардан кылып өстүрдүңүздөр. Үйүңүздөр неберелердин күлкүсүнө, бакытка толо берсин! Мындан ары карай дагы ишиңизге албан ийгиликтерди каалоо менен бакубат өмүр сүрө беришиңизге тилектешпиз! Кадыркул БУГУБАЕВ, Маданияттын мыкты кызматкери, КР журналисттер союзунун мүчөсү