Медицина
Калдарбек АБДРАМАНОВ, профессор, КР Эмгек сиңирген дарыгери: “Максатым-мамлекеттик медицинаны оңдоо”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Калдарбек АБДРАМАНОВ, профессор, КР Эмгек сиңирген дарыгери: “Максатым-мамлекеттик медицинаны оңдоо”
© Элита плюс
Калдарбек АБДРАМАНОВ, профессор, КР Эмгек сиңирген дарыгери: “Максатым-мамлекеттик медицинаны оңдоо”
© Элита плюс
Калдарбек АБДРАМАНОВ, профессор, КР Эмгек сиңирген дарыгери: “Максатым-мамлекеттик медицинаны оңдоо”
© Элита плюс
Калдарбек АБДРАМАНОВ, профессор, КР Эмгек сиңирген дарыгери: “Максатым-мамлекеттик медицинаны оңдоо”
© Элита плюс
Калдарбек АБДРАМАНОВ, профессор, КР Эмгек сиңирген дарыгери: “Максатым-мамлекеттик медицинаны оңдоо”
© Элита плюс
Калдарбек АБДРАМАНОВ, профессор, КР Эмгек сиңирген дарыгери: “Максатым-мамлекеттик медицинаны оңдоо”
© Элита плюс

Адам баласы баркына жетпеген эки нерсе бар. Анын бири-убакыт, экинчиси ден-соолук. Чынында, биз баркына жете бербеген ден-соолук жашоо тиричиликте баа жеткис чоң байлык. Ден-соолуктан ажыраган адамзат коому өнүкпөйт, артта калат. Ал эми, ошол улуттун саламаттыгын сактоо милдети ак халатчан дарыгерлерге жүктөлгөн. Саламаттыктын сакчылыгында күнү-түнү турган, өз кесибинин өтөөсүнө чыккан, өлкөбүздөгү мыкты кардиохирургдардын бири Калдарбек Абдраманов деп айтууга болот. Эл сыйлаган кадыр барктуу инсан, ак халатчан кардиохирургдарды таптаган устат, ата-эне сыймыктанган уул, бир туугандарына үлгүлүү ага, балдарына мээримдүү ата, өлүм алдында жаткан бейтаптардын өмүрүн сактап, алкышка татып келе жаткан атактуу кардиохирург Калдарбек Абдраманов менен болгон маек назарыңыздарда.

-Калдарбек Алишерович, алгачкы эле суроом, учурда Кыргызстанда медицинанын абалы кандай?

  • Кыргызстандагы медицинанын абалы өтө начар, бир эле врачтар эмес, жалпы эл билет десем туура болот. Бул акыбал бүгүн эле жаралып калган жок. 25 жылдан бери өзгөрүүсүз бир калыпта келатат. Медицинанын мындан төмөн түшө турган деңгээли деле калбай калды. Негизги себеп туруктуу мамлекеттик ички финансылык каржылоо булагынын жоктугу, башкаруунун өтө борборлоштурулуп кетүүсү. Ушул күнгө чейин бир да чоң оорукана курулган жок. Кайра койкалар, штаттар, стуруктуралар кыскарды, дагы да кыскарууда. Шылтообуз реформа жасоо. Бир дагы ийгиликтүү, туруктуу өнүккөн багыт болбоду. Кыскасы көйгөй көп, чечүүнүн жолу жок болууда. Негизги себеп өкмөттө акча жок же жетишээрлик көлөмдө медицинага бөлүнбөйт. Бул нерсени жетекчилердин бардыгы эле көрүп турат. Бирок, медицинаны оңдоп, системаны калыпка салып, акыл айта турган бирөө жок. Кээ бир медицинага тиешеси бар жетекчилер менин айтканыма нааразы болушу мүмкүн. Бирок, нааразы боло турган деле аргументтери жок. Себеби, баарыбызга белгилүү, ар бир медициналык мекемеге кирсеңер кезек күткөн адамдар, нааразы болгон бейтаптар, маянасына канааттанбаган врачтар, айласыздан чет өлкөгө кеткен жаш адистер көбөйдү. Мына ушундай көрүнүштөр орун алып жатса, анан кантип медицинанын акыбалын жакшы деп айтабыз. Медицинанын азыркы абалы “Акыбалың кандай?” дегенде, кыргыздардын “жакшы” деген көнүмүш жоругундай. Жаман нерсени жакшы деп жаап жашырып жүрүп ушул акыбалга келдик. Негизинен медицинанын акыбалынын начар болушуна үч нерсе күнөөлүү десек. Биринчиден, өкмөт тарабынан медицинага түзүк көңүл бурулбагандыгы. Убагында союз таркаганда акча жок болуп фонд уюштурушкан. Милдеттүү түрдө камсыздандыруу фонду деп айтылат. Ошол фонддун иши менен медицинаны өлтүрүп койбой тирүү алып калды, буга да рахмат. Бирок, ошол бойдон акыбал эч өзгөрүүсүз. Медицина өз алдынча иштеп кетет экен деген таризде болушту. Экинчиден, бул нерсеге врачтар өздөрү да күнөөлүү. Атайлап кылынган нерсе эмес, бирок, учурдагы түзүлгөн шарт ушуга алып барууда. Берген антыбызды актабай, кийген ак халатыбызды булгап, турмуштун жетишпегенинен, жашоонун кыйынчылыгынан жасай турган нерсебизди жасабай, материалдык-техникалык базанын, жабдыктардын жоктугунан түздөн-түз милдетибизге мурдагыдай туура мамиле жасай албагандыбыгыздан көңүл бурбай калдык. Үчүнчүдөн, элдин өзү да күнөөлүү. Себеби, бул процесс бир жактуу эмес да, медициналык кызмат көрсөтүү бир эле врачтардан көз каранды эмес. Адамдардын өзүнө байланыштуу. 25 жыл мурдагы совет доорундагы психологиядан арылыш керек. Азыр эч убакта акысыз дарылоо деген жок. Ооруп калсам мындан көп акча кетет, ошону алдын алайын деп ден-соолугуна кам көргөндү үйрөнүш керек. О.э. Кыргызстандын көпчүлүк жарандары врачтарга болгон көз карашын, мамилесин оңдошсо. Бардык күнөөнү врачтарга оодарып, терс көз караштардын артынан ээрчип алып бири-бирине ишенип ак-карасын билбей күнөөлөй беришет. Ушул үч чоң фактор медицинанын акыбалынын начар болушуна себепчи болууда.

-Медицинанын абалын кандай жол менен оңдосо болот деп ойлойсуз?

  • Азыркы шартта медицинанын абалын оңдош үчүн анчалык чоң каражаттын деле кереги жок. Мамлекеттен 10-15 жылдан бери өзгөрүүсүз 18млрд. сомдон бөлүнүп келе жатат. Бирок, андан бери калктын саны 4 миллиондон 6 миллионго өстү. Мындайча айтканда талап өстү, оорулуулардын саны көбөйдү. Канчалаган министрлер алмашат, медицинаны өсүү жолуна алып чыгыштын жолун таппай жатышат. Мен ушул жаатта уюштуруу ишинде, дарылоо ишинде 35 жылдан бери эмгектенип келатам. “Медицинанын абалын канткенде туңгуюктан алып чыгабыз?” деген өзүмдүн көз карашымды жазып чыккам. Канча жолу радио эфир, гезит-журналдар аркылуу долбоорумдун кыскача мазмунун айттым. Бирок, тилекке каршы министрликтен, өкмөттөн бир дагы киши карап талкуулаган жок. Дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет, медицинаны туңгуюктан алып чыгуунун бир гана жолу мекемелерде өздөрүнө өз алдынчалуулукту бериш керек. Кыргызча айтканда, өзүңөрдүн оокатыңарды өзүңөр кылгыла. Мамлекет “мына силерге 100 сом акча бердик, 100 сомго 100 кишини дарылагыла да калганын акыга дарылагыла деши керек”. Азыр көрүнүш ошондой эле, бирок аны закондоштуруп берүү зарыл. Ошондо гана биз медицинабызды өнүктүрө алабыз. Азыркы шартта медицина кайсыл каржылардын негизинде жашап келет. Ошол 18 млрд. фонд жана сырттан келген карыздар. Сырттан келген акча менен эч кандай мамлекет, медицина өнүкпөйт. Ошондуктан, медициналык система өзүнүн ички каражаттарын табууга аракет кылуусу абзел. Азыр “канча акча берет” деп мамлекеттин көзүн карап отурабыз. Өзүбүз иштей албайбыз, иштейли десек “жеке менчик эмессиңер” деп уруксат берилбейт. Өнүккөн мамлекеттерде ушундай системалар иштейт. Мына ошондо гана алдыга жылып эркин кысылбай аракет кылып иш алып барышат. Мындайча айтканда, “творческий подход” жок болуп жатат.

  • Сиздин өз алдынча жеке менчик борбор ачууңуздун бирден-бир себеби да ушул экен да...

  • Албетте, бирден-бир себеби десек да болот. Бирок, мен совет доорунда тарбиялангам, Гиппократтын антын берген адаммын. Орусча айтканда медик же болбосо профессор, профессия деп айта албайм. Бул өзүңдүн көңүлүңдөн тандаган кесип деп айтууга дитим барбайт. Себеби, врач болуш үчүн жөн эле окууну бүтүп, диагностика жолдорун үйрөнүп алып оорулууну дарылай албайсың. Чын дилиң, ички дүйнөң менен оорулуунун өмүрүн сактап калууга берилишиң керек. Бул борборду ачканга чейин мамлекеттик чоң мекемелерди жетектеп, түптөлүшүнө түздөн-түз салымымды кошком. 2005-2012-жылдары жаңы уюшулган Бишкектеги жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтун түптөп, биринчи директору болуп кызмат кылдым. Жүрөк хирургия илимий борборуна тиешелүү, өтө керектүү илимий-практикалык, уюштуруу иштерди жасадым, структураларды ачтым, жаш кардиохирургдарды, илимий кызматкерлерди өзүбүздө окутуп даярдоо ишин жолго койдум. 2010-жылы “революциядан” кийин биздин мекемеде да жагымсыз окуялар орун алып, жетекчилик кызматтан кеттим. Ошондо мамлекеттик медицинага такыр кайрылып келбейм деген ызалануу менен, алгачкы жеке менчик Кардиоцентр кардиохирургиялык борборун уюштуруп, түптөдүм. Кардиоцентрди түптөөдө жубайым, балдарым, кыздарым, күйөө балдарым, тилектеш жакшы адис кардиологдор, жоро-жолдоштор чоң жардам беришти. Учурдан пайдаланып баарына ыраазычылыгымды айтам. Ал эми, 2011-жылдан бери ошол кездеги Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, министрликтин өтүнүчтөрү менен мага түштүктө кардиология-кардиохирургия тармагын өнүктүрүү милдети жүктөлүп, Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия илимий борборун жетектеп иштеп жатам. Бул борборду түптөп жетекчи болуп иштеп турганда филиал кылып 2010-жылы өзүм ачкам. Ошентип, аймактардагы кардиология жана кардиохирургияны өнүктүрүү жөнүндөгү пландарым кайра өзүмө жүктөлүп, өзүм аткара баштадым. Албетте, жакшы пландар жакшы адамдарсыз, жамаатсыз ишке ашпайт. Жамаатта мени менен Бишкектен бирге барган адистер, окуучуларым, жергиликтүү жогорку категориядагы врачтар иштеп чоң ийгиликтерди жаратып түштүк элине эле эмес, Кыргызстандын бардык жеринен бизге атайын келген оорулууларга, коңшу Казакстан, Өзбекстандан келген бейтаптарга кызматыбызды көрсөтүп келебиз.

-Атаңыздын тарбиясынан таасирленип медицина тармагын тандаганыңыздан кабарыбыз бар. Бирок, алардын ичинен жүрөк хирургия кесибин тандооңузга эмне себеп болду?

  • Медицина тармагын тандап калышымдын себеби өтө чоң тема. Ал эми, анын ичинен жүрөк хирургия кесибин тандап калуума Кыргыз медицинасын түптөгөн, биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган Иса Коноевич Ахунбаев себепчи болгон. Мына ушул инсан биздин учурдагы жаштардын кумири эле. Бул кишинин кылган иштери мени шыктандырып, 3-курс студент кезимде эле жүрөк хирургиясы тууралуу рефераттарды жазып, даярданып баштагам. Кыргызда “жаштын тилегин берет” деген сөз жөн жеринен айтылбаса керек. Жыйынтыгында, Кудайым буйруп ушул кесипти тандадым. Жөн эле кардиохирург болуп калбастан, түз эле Москва шаарындагы Бакулев атындагы институттун директору, Орусиянын башкы кардиохирургу, академик Лео Бокерияга шакирт болуп баргам. 10 жыл анын кол алдында иштеп, жүрөккө татаал операцияларды жасаганды үйрөнгөм. Ушул жыл аралыгында илимдин доктору, профессор наамын алып, бул жакка даяр адис болуп келдим. Лео Бокерияны мен баа жеткис, тагдырымды жакшы жакка өзгөрткөн устат деп билем. Ал эми, акыркы 10 жылда 50дөн ашык жаш кардиохирургдарды окутуп даярдадым. Азыр кээ бирлери өз алдынча операция жасаганга жетишишти, илимдин кандидаты, доктору да болушту. Айрымдары чет өлкөлөрдө эмгектенишет.

  • Алгачкы операцияңызды устатсыз жалгыз жасаганыңыздан кабарыбыз бар. Ал күн кандай сезимдер менен коштолгон?

-Ооба, туура айтасыз, 1-операциямды жетекчи устатым жок жалгыз жасагам. Бул өтө маанилүү. Көпчүлүк жаңы баштаган хирургдар биринчи операциясын устатынын, тажрыйбалуу хирургдун жанында туруп, кол алдында жасашат. Жаныңда устатың турганда эч нерседен коркпойсуң, тизең титиребейт, анткени чоң ишенич болот. Ал эми, жалгыз өзүң жасаган операция өзгөчө сезимдер менен эсиңде 1-операция болуп калат. Айрыкча, кардиохирургдардын 1-операциясы келечек тагдыры үчүн чечүүчү ролду ойнойт. Себеби, ийгиликтүү операция келечекте ага чоң жол ачат. Ийгиликсиз бүткөн 1-операциядан кийин жумушун таштап, кесибин такыр өзгөртүп кеткен жаш хирургдар арбын. Ошондуктан, 1-операциянын таржымалын толук баяндап бериш үчүн таланттуу жазуучу же акын болсоң да жеткиликтүү кылып айтуу кыйын. Менин да 1-бейтабым эсимде, ал ата-энеси жок, балдар үйүнөн келген тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган 5 жашар кыз эле. Мен ал күндү эч убакта унутпайм. Өзүнчө эле чоң драма болуп, аягы жакшы бүткөн. Менин кийинки кардиохирургиядагы 35 жылдык өмүрүм да ошол драмадай созулуп, өмүр үчүн тынымсыз күрөш, өжөрлүк менен коштолуп, негизинен жеңиштер менен уланып келет.

-Жарык өчүп калып, кол телефондун жардамы менен жасаган операцияңыз тарыхта калды. Ушул тууралуу өз оозуңуздан уккум келет..

  • Бул тууралуу акыркы күндөрү байма-бай сурагандар көбөйдү. Жумушумдагы акыркы жылдардагы эсте каларлык окуя ошол болду. Генератордун жоктугунан ушундай окуяны башыбыздан өткөрдүк. Албетте, андай болот деп күткөн эмеспиз. Себеби, демейде электр жарыгы 5-10 мүнөткө өчкөндө аппараттардагы кошумча батареялардын жардамы менен иштеп эле жүргөнбүз. Ошентсе да ошол жылдары “генератор алып бергиле” деп өкмөткө 18 жолу кат жолдогонбуз. Жооп болбой ошондой окуя орун алды. Мүмкүн, башка мамлекетте ушундай окуя болсо жок эле дегенде алкыш айтып, же болбосо эрдик деп бааламак. Бирок, бул окуянын арты менен 400 дөн ашуун мекеме генератор менен камсыз болду. Андан сырткары, мен жана чогуу иштеген жаш кесиптештерим үчүн ар бир операция, ар бир сакталган өмүр эрдик. Биз үчүн өмүрү уланган оорулуу адамдардын алкышы чоң сыйлык. Ал сезимди түшүнүү үчүн ооруган, операция болуп өлүм алдынан кайра келген адамдын ордунда жок дегенде бир мүнөт болуп көрүш керек. Мени кубанткан жери карапайым эл биздин эмгекти туура түшүнүп, бизди эл баатырына теңешти, бизге мамлекеттик сыйлыктарды ыраа көрүштү жана баталарын беришти. Мен үчүн элдин ою чексиз бакыт, сыйлык болуп, жаңы эмгектерге, ийгиликтерге шыктандырды.

  • Бул тармакта эмгектенгениңизге отуз беш жыл болуптур, ушул жылдар аралыгында кандай наамдарга, ийгиликтерге жетиштиңиз?

  • Чындыгында Кыргызстанда эки чоң илимий-прахтикалык жүрөк-хирургия мекемесин уюштурдум. Уюштуруу ишинде бардык кыйынчылыктарды жон терим менен сезип, аягына чейин бирге болдум. Учурунда Акаевдин буйругу менен уюштурган киши башка болду. Бирок, директор болуп шайлоодон өтүп, ошол толук милдетти алып, эмне керек болсо ошону жасап, институт деген чоң статуска жеткирген өзүм болдум. Ошондуктан, эч тайманбастан айта алам, бул институт менин баламдай эле. Ошол кездеги илимпоз, уюштуруучу, врач катары институтту түптөгөндөн башка дагы чоң жетишкендигим Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына И.К.Ахунбаевдин ысымын ыйгаруу сунушун ишке ашырганым болду. Бул институтка 30 жылдан бери кыргыз медицинасынын башында турган академик, жүрөк-хирургия тармагын түптөп кеткен И.К. Ахунбаевдин атын кое албай коюшкан. Бул биз жаш кезде болгон, арадан 30 жыл өтүп, биз келдик. Ахунбаевдин 100 жылдык юбилейинде жетекчи агайым, Орусиянын башкы кардиохирургу, академик Лео Бокерияны бул жакка чакырттым. Ошондо мени абдан өкүндүрүп жүргөн, КММАсына И.К. Ахунбаевдин ысымын ыйгаруу маселесин көтөрүп президентке бирге кирүүнү сунуштадым. Ал кезде Курманбек Салиевич президент болуп турган кези. Мына ушул кишиге Лео Бокерияны алып кирип, суроо койдук. Кыргызстандагы кыргыз медицинасын түптөгөн инсандын атын 30 жылдан бери медициналык институтка кое албай жатабыз. Бизге жардам беришиңизди өтүнөбүз деп түз айттык. Лео Антонович да кошумчалады, Ахунбаев Орто Азияда жүрөккө 1-операция жасаган киши экенин баарыбыз билебиз. Калдарбек Алишерович айткандай институтка атын коюш керек деп кошумчалады. Ошондо Курманбек Салиевич “бул деген маселе болбошу керек. Албетте, медициналык академияга ысымын ыйгарууга татыктуу инсан” деп дароо макулдугун берди. Анткени, ага ошол учурда бул маселени эч ким жеткизген эмес. Юбилей бүткөнчөктү приказ чыгара албайм, бирок бир жуманын ичинде бул маселе чечилет деди. Ушул маселе чечилип, мына учурда КММАсына И.К. Ахунбаев атындагы наам ыйгарылып отурат. Буга ким демилге көтөргөн, кимдин салымы аркылуу коюлуп калган эч ким деле маани берип, биле бербейт. Мага чейин эмнеге коюлган эмес, билесиңерби? Жөнөкөй эле, көрө албастыктын айынан кандайдыр бир күчтөрдүн тоскоолдугунан И.К. Ахунбаевдин ысымын академияга койдурбай жүргөн экен. Бирок, сырттан Лео Антонович экөөбүз кирип айтканда бизге кандайдыр бир күчтөрдүн алы жетпей калды. Мына ушул кылган аракетим, эмгегим бааланып, КР Эмгек сиңирген врачы деген сыйлыкты алдым. Менимче бул сыйлыкты татыктуу алдым деп ойлойм. Чоң мекемени уюштурдум, окуу процессин баштадым, Кыргызстанда 50-60 кардиохирургду, 20дай илимпозду жана докторлорду дайындадым. Андан сырткары, түштүк аймактык мекемени уюштурдум. Ал аракетимди, эмгегимди дагы баалабай коюшкан жок. Азыркы Президентибиз Сооронбай Шарипович өкмөттүн жетекчиси болуп турганда өкмөттүн грамотасы менен сыйлаган. Буга да ыраазы болушум керек. Менде болгону эки сыйлыгым бар. Экөөнү тең эки президенттен алгам, сыймыктанам. Мындан башка да тармактык сыйлыктарым бар. Албетте, медицинанын отличниги, саламаттыкты сактоо тармагынын отличнигимин. Бирок, президенттер берген сыйлыктарга буларды эч качан теңей албайм. Элге окшоп орден, медаль алайын деп аракет кылбайм. Эгерде өкмөт ошону туура, татыктуу деп көрсө анда каршы эмесмин. Ал эми, жөндөн-жөн барып тааныш аркылуу наамдарды алганга каршымын.

  • Чынында курагыңыздан жаш көрүнөсүз, узак жашоо үчүн өзүңүзгө кандай кам көрөсүз? Кантип эс алганды жактырасыз?

  • Адам ооруганга чейин алдын алып, өзүн кароо керек деп башында айттым. Анын ичинде врачтар өзгөчө ден-соолугуна көңүл буруу керек. Мен бала кезден эле спорт менен машыкчумун. Совет доорунда бокс боюнча чеберликке кандидат деген норманы толтургам. Акыркы 5-6 жылда күндө эртең менен чуркайм, жалпысынан 30 жылдай ден-соолугума кам көрүп, тынымсыз чуркап келдим. Андан сырткары, 5 жылдан бери Тибеттен алынган атайын көнүгүү бар “пять жемчужен тибета” деп айтылат. Мына ушул көнүгүүнү жасап келем. Бул көнүгүүнү 40 жаштан өткөндөргө сунуштайт элем. Ден-соолукка абдан жакшы таасирин тийгизет. Ал эми, эс алуу боюнча айтсам, жогоруда айткандай көнүгүү жасоо учурунда эс ала түшөм. Жаш өткөн сайын физикалык түрдө эмес, психологиялык чарчоону эс алдыруу керек. Негизинен эс алдыруунун өзөгү акыл эсти эс алдыруу болуп эсептелинет. Физикалык чарчаган адам бат эс алат, жеңилирээк, ал эми психологиялык жактан чарчаган кыйын. Жаш өткөн сайын адамдын акыл эси, эс тутуму төмөндөй баштайт. Ошол мээнин функциясын калыптандыруу үчүн шахмат ойнойм. Мурдатан эле шахмат ойночумун,1-разрядым бар. Мастердик деңгээлдеги компьютердин жардамы менен ойнойм. Шахмат ойноо аркылуу мээмди эс алдырам. Адамдар алжыбашы үчүн мээни иштетип туруу керек. Андан сырткары, китеп окуйм, тарыхый драмалардын электронный багытын окуп жан дүйнөмдү да азыктандырып турам.

  • Ушул даражага жеткирген ата-энеңиз тууралуу да айта кетсеңиз? Ата-энеңиздин кайсыл тарбиясын жашооңузда колдоносуз?

  • Атам өзү жалгыз киши болгону менен 9 баланы тарбиялап өстүрдү. Бирөөсү жаш кезинде каза болуп калды. Алардын баарына тең татыктуу жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк түздү. Агаларым мамлекеттик кызматтарда иштеген, элдин алкышын алган инсандар. Эже-карындаштарым ата-кесибин улашты, татыктуу жар, сүйүктүү эне болуп, өз парзын аткарып келишет. Мен чындап алар менен сыймыктанам. Атам тууралуу айтсам, көп сүйлөбөгөн, мүнөзү катаал киши болчу. Кесиби боюнча мугалим эле, 90 жашында, апам 92 жашында каза болду. Өмүр бою мектепте иштеп, эмгек сиңиргендиктен мектепке атамдын атын беришкен. Атам бизге тарбия бергенде “максат коюп жашаш керек, ошол максатка умтулуу зарыл” деген сөздү ар дайым айтчу. Ал кезде адамдардын баары аттеист болчу да. Бирок, мага акырын айтар эле, “жаштын тилегин берет, сен ичиңден ар дайым жакшы нерселерди айтып, ошону аткарганга аракет кыл, максат кылганды үйрөн. Адам өзүн-өзү жасайт, сага эч ким жасап бербейт. Сен кандай адам болгуң келет өзүңдөн көз каранды” дечү. Мен ушул атамдын эрежесин турмушумда колдондум. Ойлошуңар мүмкүн, ушул жашта кандай максат болушу мүмкүн? деп. Менин максаттарым өтө көп. Учурдагы чоң максатым, аракетим-Кыргызстандын медицинасын оңдоо. Бул тууралуу мен айтпасам, өкмөт башчы же сиз айтпайсыз. Жаңы келген министрлер айтыш керек эле, алар да айтпай жатышат, даярдыгы жок болуп келишүүдө. 35 жылдан бери Кыргызстандын медицинасын алаканга салгандай билем. Оор кырдаалдан чыгуунун жолун беш колдой билип турам. Эгер мага мүмкүнчүлүк түзүлсө, мен ушул медицинаны оңдоп бере алам деп ишеничтүү айта алам.

  • Бул ийгиликтерге жетишиңизге жубайыңыздын да салымы болсо керек?

-Мен бактылуу адаммын. Себеби, 33 жылдан бери жанымда сөз айттырбай түшүнгөн, купулума толгон өмүрлүк жарым бар. Ал мени эки кыз, бир уулдун атасы кылып, мен жетишкен ийгиликтерге көмөктөш болду. Азыр да ал менин ишенген жашоом, көрөр көзүм, адашпас акылым жана жан шеригим. Кесиби боюнча филолог. Балдарыма татыктуу тарбия берип, атам сыяктуу баарына жогорку билим бердим. Азыр кыздарым, күйөө балдарым, уул-келиним баары врач-кардиохирург, кардиологдор. Алардын катардагы эле адис эмес, өзүнүн жумушун эң жакшы өздөштүргөн, эл сыйлаган илимпоз инсан болушун каалайм.
Алмагүл БАЗАРБАЕВА