Дүйнөдө
Индонезия: Беткап тагынбагандарды табытка салып жазалашууда
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Индонезия: Беткап тагынбагандарды табытка салып жазалашууда
© Элита плюс
Индонезия: Беткап тагынбагандарды табытка салып жазалашууда
© Элита плюс

Индонезияда беткап тагынуу эрежесин бузгандарды табытка салып жазалап жатышат. Жергиликтүү бийлик жана ыктыярчылар беткап тагынгысы келбегендерге каршы күрөштү күчөттү. Эрежеге баш ийбегендерди адамдын өлүгүн жүктөй турган унаага салып, андан соң табыпка жаткызышууда. 

Ошондой эле, мыйзам бузуучуларга лекциялар окулуп, айрымдары үч ай бою базарды жана канализацияны тазалайт.

“Биз баарына маска кийүү сөзсүз керек экендигин түшүнүшүн каалайбыз, анткени негизги протоколдорду бузушса, алар оору жуктуруп бул дүйнө менен кош айтышышы мүмкүн” ,-дейт Чыгыш Джакарта Коомдук Тартип Агенттигинин башчысы Будхи Новян.

Бирок бийлик табытка салуу жазасын токтотту, бул губернатордун маска эрежесин бузгандарга берген буйруктарына ылайык келбейт.