Дүйнөдө
Индияда коронавируска каршы уйдун тезеги колдонулууда
Элита плюс
Май 11, 2021 г.
Индияда коронавируска каршы уйдун тезеги колдонулууда
© Элита плюс

Коронавирус күчөп жаткан Индияда адамдар коронавирус инфекциясын алдын алуу жана дарылоо үчүн уйдун тезегин колдонушууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү коронавируска каршы иммунитетти көтөрүп, калыбына келүүсүнө жардам берет деген үмүт менен жумасына бир жолу денесине уйдун тезегин жана заарасын денелерине сүйкөп жатышат.

Индияда уй жашоонун жана жердин ыйык символу болуп саналат жана индустар кылымдар бою уйдун тезегин үйлөрүн тазалоо, сыйынуу жөрөлгөлөрүнө колдонуп келишкен. Алар уйдун тезегин айыктыруучу жана антисептикалык касиетке ээ деп эсептешет.

Индия коронавирус катталган өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат.