Дүйнөдө
Индияда бир суткада 18,6 миң адамдан коронавирус аныкталды
Элита плюс
Июль 01, 2020 г.
Индияда бир суткада 18,6 миң адамдан коронавирус аныкталды
© Элита плюс
Индияда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирустук инфекциясы 18 600дөн ашык адамдан аныкталды. Мындай маалыматты өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.

Жалпы 585 493 адам коронавирус илдети менен катталды.

Маалыматка ылайык, учурда 220 114 бейтап стационарда эмделүүдө. 347 978 (бир суткада 13 157) адам сакайып ооруканадан чыгарылса, 17 400 (бир суткада 507) бейтап көз жумду.

Белгилей кетсек, Индия вирустук инфекцияны жуктургандардын көптүгү боюнча мамлекеттер арасында 4-тизмеде турат. Андан мурда, АКШ, Бразилия жана Орусия өлкөлөрүндө коронавирусту жуктургандардын антирекордун түзөт.