Президент
Президент илдеттин курчушуна жол бербөөгө чакырды
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Президент илдеттин курчушуна жол бербөөгө чакырды
© Элита плюс

"Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң", - деди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Мамлекет башчысы бул тууралуу өзгөчө кырдаал режими алынып, комендатуралардын иши токтогондо эле эскерткендигин эске салды. Ал облустардын жетекчилеринин, райондордун акимдеринин, шаар мэрлеринин кырдаал үчүн жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет баса көрсөттү. Сооронбай Жээнбеков коомдук транспорт илдетти жугузуп алууда дале эң кооптуу жай боюнча калып жатканына көңүл бурду. "Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок, алар да коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү", - деп белгиледи Президент. Мамлекет башчысы бул илдетти алдын алууга ар бир жаран катышууга жана дарыгерлердин айткандарын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады. Айрым жарандар өздөрү оорубай, бирок вирусту алып жүрүүчү катары коомго коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи. "Ошондуктан коомдук жайларда беткап режимин катуу сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу бойдон калууда", - деди Сооронбай Жээнбеков. Президент илдетти жугузуп алуу тобокелдиги чоң болгон улгайгандарга кам көрүүнү күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын айтты. Мындан сырткары, чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандар катуу көзөмөлдө болушу керектигине көңүл бурду. Себеби, коомчулукта ушул сырттан келгендер эле жугузбаса, кайдан жугуп жатат деген сөздөр арбын. Мамлекет башчысы Саламаттык сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабын койду.