Коом
Илдеттен каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөндү
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Илдеттен каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөндү
© Элита плюс

Кыргызстанда коронавирустан каза богон 18 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын комиссия иштеп жатат.

Кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медициналык кызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:
-Ош облусунан -113 документ;
Талас облусунан – 33;
Чүй облусунан – 337;
Баткен облусунан – 25;
Нарын облусунан – 35;
Ысык-Көл облусунан – 48;
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн.

Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жатат.