Коом
Илдеттен айыккан медиктер реабилитациядан өтүшөт
Элита плюс
Июль 29, 2020 г.
Илдеттен айыккан медиктер реабилитациядан өтүшөт
© Элита плюс

Медицина кызматкерлеринин саламаттыгын калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, медиктердин ден соолугун калыбына келтирүү боюнча өкмөт эс алуу жана реабилитация жайларын караштырды. “Коронавирустан айыккан медиктердин ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлдө пансионат тандалып алынды”, - дейт ал.