Спорт
Икер Касильяс "Реал Мадрид" клубуна кайтып келди
Элита плюс
Декабрь 24, 2020 г.
Икер Касильяс "Реал Мадрид" клубуна кайтып келди
© Элита плюс

Легендарлуу испаниялык дарбазачы Икер Касильяс мурун ойноп кеткен "Реал Мадрид" футболдук клубуна кайтып келди. Бул тууралуу "Реал Мадрид" клубунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы Икер Касильяс "Реал Мадрид" клубунун Фондунун башкы директорунун жардамчысы болуп дайындалган.

Икер Касильяс - "Реал Мадрид" клубунун тарбиялануучусу. Ал бул клубда 1998-2015-жылдары ойноп, андан кийин Португалиянын "Порту" клубуна өткөн.