Коом
ИИМдин орун басарларына генерал-майор наамы ыйгарылды
Элита плюс
Октябрь 16, 2020 г.
ИИМдин орун басарларына генерал-майор наамы ыйгарылды
© Элита плюс

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиевге жана Мирлан Каниметовго генерал-майор наамын ыйгарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков аталган Жарлыкка 2020-жылдын 14-октябрында кол койгон.