Коом
ИИМ: Жалган маалымат тараткандар жоокерчиликке тартылат
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
ИИМ: Жалган маалымат тараткандар жоокерчиликке тартылат
© Элита плюс

Ички иштер министрлиги жалган маалыматты тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кечээ WhatsApp тиркемеси аркылуу аудио билдирүү тарап, анда түнкү убакта учактар менен дары чачып, андан балдар ооруй тургандыгы айтылган. “Бул багытта ИИМ тиешелүү ыкчам-иш-аракеттерди жүргүзүүдө. ИИМ кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына "102" кызматы аркылуу маалымдап коюңуздар,” -деп айтылат билдирүүдө.