Коом
ИИМ улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери бар маалымат тараткандарга иш козголорун эскертет
Элита плюс
Декабрь 17, 2020 г.
ИИМ улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери бар маалымат тараткандарга иш козголорун эскертет
© Элита плюс

ИИМ улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери бар материалдарды даярдагандарга жана тараткандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Президенттик шайлоого карата шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу WhatsApp жана башка социалдык тармактарда региондор аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган чагымчыл материалдарды тараткан фактылар орун алууда.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Ички иштер министрлиги жарандарды WhatsApp же интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуңуздарды билдирет. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.