Коом
ИИМ: Оор кылмыштар азайды
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
ИИМ: Оор кылмыштар азайды
© Элита плюс

Быйылкы алты айда республика боюнча, ички иштер органдарында 65 миңге жакын мыйзамсыз аркеттер катталып, жалпы кылмыштуулук 14,7 пайызга кыскарган. Бул туурасында ИИМде 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча өткөн онлайн коллегияда айтылды. Алты ай ичинде ички иштер органдары тарабынан өндүрүштө турган кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу дээрлик 55 пайызды түздү. Коллегиялык жыйында айтылгандай, оор жана өтө оор кылмыштардын саны кыскарган, ошондой эле коомдук жайларда да кылмыш кескин түрдө кыскаргандыгы белгиленди.