Коом
ИИМ: Онлайн кеңешме өттү
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
ИИМ: Онлайн кеңешме өттү
© Элита плюс

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев онлайн кеңешме өткөрдү. Ага Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышты. Жыйында кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу, ар бир облустта медицина бөлүмдөрүндө дарыланып жаткандарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү жана кошумча атайын стационарларды ачуу, кызматкерлердин ден соолугуна, ардагерлердин саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу маселеси талкууга алынды. Министр ар тараптуу жардам берилиш керектигин жана ушул багытта ишти колго алууда жана уюштурууда жергиликтүү жетекчиликтин жоопкерчилиги катуу болоорун эскертти. Онлайн кеңешменин жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө негизги багыттарда ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду. Мындай онлайн кеңешме Ички иштер министрлигинде жума сайын өткөрүлүп коомдук тартипти сактоо багытында орчундуу маселелер талкууга алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып турат.