Коом
ИИМ: Окубай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд уюштурулууда
Элита плюс
Сентябрь 11, 2020 г.
ИИМ: Окубай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд уюштурулууда
© Элита плюс

Милиция кызматкерлери айыл-шаарларды кыдырып, сабак убагында көчөдө жүргөн балдарды аныктоо иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева билдирди. Анын айтымында, “Салам, мектеп!” рейди социалдык өнүктүрүү жана билим берүү органдары менен бирге уюштурулду. Коомдук жайлар, соода түйүндөрү, оюн-зоок жайлары, таштанды төгүлүүчү жерлер, күнөсканалар текшерилди: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирге билим алууга тартылбаган өспүрүмдөрдү, балдарын окуу куралдары менен камсыз кыла албаган үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлдү”. Рейдге жалпысынан эки миңден ашык милиционер, бир миңге жакын мугалим, психолог, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү тартылды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстанда мектепке барбай жүргөн 7-17 жаштагы балдардын саны үч миңдин тегерегинде болчу. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу буга чейинки окуу жылы аралыктан окутуу менен жыйынтыкталган болчу. Жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калгандары баары аралыктан билим алууда. Кыргызстанда эки миңден ашуун мектеп бар, окуучулардын саны бир миллиондон ашат.