Коом
ИИМ: Баңгизат менен шектүү жарандар кармалды
Элита плюс
Август 26, 2020 г.
ИИМ: Баңгизат менен шектүү жарандар кармалды
© Элита плюс

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүргүртүп келген шектүүлөрдү кармашкан. Бул тууралуу ИИМ БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан баңгизаттын курамына кирген өсүмдүктөрдү ири көлөмдө өстүрүү менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Атайын ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн топтун мүчөлөрү 1972-жылы туулган К.О., менен 1992-жылы туулган Р.В., кармалды.

"Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында энеси менен баласына караштуу үйлөрдү тинтүүгө алуу учурунда өстүрүп жаткан кара куурай түспөлүндөгү өсүмдүк, гашиш майын даярдоо үчүн заттар, марихуана жана баңги каражатын колдонуу үчүн жабдыктар (бульбулятор) табылып алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 110 килограмм 450 грамм кара куурай алынды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар соттун чечими менен Тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүүдө.