Коом
ИИМ: Кыргызстанда карантин учурунда 7 өспүрүм өз өмүрүн кыйды
Элита плюс
Апрель 06, 2020 г.
ИИМ: Кыргызстанда карантин учурунда 7 өспүрүм өз өмүрүн кыйды
© Элита плюс

Кыргызстанда акыркы учурларда жашы жете элек жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салган учурлар кездешүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, инфекциялык ооруну жуктурбоо жана жайылтуу коркунучу болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү мектептерде карантин жарыяланып, окуучулар кезексиз эс алууга чыккан учурда, 18-марттан 28-мартка чейин жаш өспүрүмдөр өмүрүнө колу салуу боюнча 7 факт катталган. Бардык факттар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда өлүмдүн себебин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

«Карантин учурунда ата-энелерге балдарынын эмне менен алек болгондугун көзөмөлдөө жөнүндө бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, алар тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай калган. Анын кесепетинен 12 жаштан 16 жашка чейинки 7 жаш өспүрүм өмүрүнө кол салып, өзүн-өзү өлтүргөн. Алардын ичинен Тоң районунда 2, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл райондорунда бирден, Ысык-Ата районунда 2 факт катталды», - деп айтылат маалыматта.

Талдоонун жыйынтыгында жаш өспүрүмдөрдүн төртөө толук эмес үй-бүлөдөн — апасы же атасы жок, ал эми калгандары туугандарынын үйүндө жашаганы такталды. Алардын бирини ата-энеси чет мамлекетте иштеп жаткандыгы аныкталган. Жаш өспүрүмдөр үйүндө ата-энелери жана туугандары жок болгон учурда, күндүзгү маалда өз өмүрүнө кол салган.