Коом
ИИМ: Кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө
Элита плюс
Октябрь 03, 2020 г.
ИИМ: Кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө
© Элита плюс

4-октябрь Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери “Жогорулатылган күжүрмөн баскыч” тартибинде кызмат өтөөдө.

Милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жогорку Кеңешке талапкер катары катышып жаткан саясий партиялардын үгүт иштери учурунда Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактап, үгүт иштерине катышып жаткан жарандарга карата мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого чакыруу менен бирдикте жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.

Ошондой эле COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу үчүн жарандарды баардык санитардык эрежелерди сактап жүрүүнү эскертүүдө.

"Азыркы учурда коомдук жайларда, көчөлөрдө жана башка эл көп катталган жерлерде коомдук тартипти көөмөлдөө күчөтүлүп, ар кандай чагымчыл күчтөргө жол бербөө жана алардын алдын алуу максатында Милициянын кайгуул кызматы тарабынан баардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Аны менен кана чектелбестен “102” кызматы аркылуу жарандардан түшкөн ар кандай чакырууларды ыкчам жана сапаттуу тейлеп келүүдө", - деп айтылат маалыматта.