Коом
ИИМ беткабына белги коюлган фактылар иликтенээрин билдирди
Элита плюс
Октябрь 04, 2020 г.
ИИМ беткабына белги коюлган фактылар иликтенээрин билдирди
© Элита плюс

Социалдык тармактарда шайлоо участокторунда медициналык беткабына белги коюлган жарандарга даяр бюллетень берилип жатканы айтылууда. Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов бул боюнча азыр маалымат алышканын, тийиштүү чара көрүлөрүн айтты.

Ар бир шайлоо участогунда бирден бешке чейин кызматкер бекитилген. Жалпы 900 кызматкер коомдук коопсуздукка көзөмөл жүргүзүүдө. Көмөк үчүн 7 миңден ашык элдик кошуун тартылды.

«Мыйзам бузууларды документтештирүү үчүн топтор түзүлгөн. ИИМ тарабынан коомдук тартип көзөмөлдөнүүдө. Акыркы саатка карата шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар катталган жок. Учурда абал туруктуу», — деди ИИМдин өкүлү.