Коом
Ички коопсуздук аскер кызматынын жаш жоокерлери ант беришти
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
Ички коопсуздук аскер кызматынын жаш жоокерлери ант беришти
© Элита плюс

Бүгүн, 14-октябрда КР Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик ант беришти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 151 жаш жоокер эли-жери үчүн кынтыксыз кызмат өтөөгө ант берип, Мекенди коргоочулардын катарын толукташты. Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, жалпы аскердик курстан өтүштү. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү.

Аскердик антка байланыштуу салтанаттуу жыйынга КР ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысынын орун басары-штаб башчысы, полковник Д.Алыбаев катышты. Ал өз сөзүндө аскер бөлүгүнүн өздүк курамын бүгүнкү салтанат менен чын дилинен куттуктап, кызматтагы ийгиликтер менен катар, ар бир жоокерге чың ден соолук каалады.

“Бул ирет салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылган жок, анткени жетекчилик өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алды. Ага карабай салтанат шаңдуу өтүп, жаш жоокерлер командирлеринин, чогуу кызмат өтөгөндөрдүн алдында ант беришти”, - деп айтылат маалыматта.

Салтанаттуу ант берүү жаш жоокерлердин саптык даярдык, кол мушташы боюнча атайын даярдалган иш-чарасы менен аяктады. Жыйындын соңунда майрамык концерт да тартууланды.