Коом
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусуна барды
Элита плюс
Май 10, 2021 г.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусуна барды
© Элита плюс
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусуна барды
© Элита плюс
Кечээ, 9-майда Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барды. Ал Баткен облусунда коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты жана тез арада курулушту аяктоо керектигин тапшырды. Андан соң аталган айылдын аймагында жайгашкан “Головной ”суу бөлүштүрүүчү жайына барды.
Андан соң Баткен районундагы Аксай, Көк-Таш айылдарында жана “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында, Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Интернационал, Арка, Жаштык, Борбордук айылдарында жергиликтүү эл менен жана ушул жакта кызмат өтөп жатышкан милиция, ички аскерлердин аскер кызматчылары менен жолугушту.
Учурда абал туруктуу. Баткен облусундагы абал толугу менен көзөмөлгө алынып, 52 ыкчам-тергөө топтору бардык талкаланган жайларды карап чыгууну аяктап, келтирилген чыгымдардын да эсебин тактоого киришти. Ал эми милиция менен ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнүн коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен кайгуул топтору өз ишмердүүлүгун улантууда.