Чебер
Ибарат КАДРАЛИЕВА, «Билал» көркөм өнөр жайынын негиздөөчүсү: «Максатым - аз да болсо өз өлкөмө пайда алып келүү»
Элита плюс
Декабрь 07, 2020 г.
Ибарат КАДРАЛИЕВА, «Билал» көркөм өнөр жайынын негиздөөчүсү: «Максатым - аз да болсо өз өлкөмө пайда алып келүү»
© Элита плюс
Ибарат КАДРАЛИЕВА, «Билал» көркөм өнөр жайынын негиздөөчүсү: «Максатым - аз да болсо өз өлкөмө пайда алып келүү»
© Элита плюс
Ибарат КАДРАЛИЕВА, «Билал» көркөм өнөр жайынын негиздөөчүсү: «Максатым - аз да болсо өз өлкөмө пайда алып келүү»
© Элита плюс
Ибарат КАДРАЛИЕВА, «Билал» көркөм өнөр жайынын негиздөөчүсү: «Максатым - аз да болсо өз өлкөмө пайда алып келүү»
© Элита плюс
Ибарат КАДРАЛИЕВА, «Билал» көркөм өнөр жайынын негиздөөчүсү: «Максатым - аз да болсо өз өлкөмө пайда алып келүү»
© Элита плюс
Ибарат КАДРАЛИЕВА, «Билал» көркөм өнөр жайынын негиздөөчүсү: «Максатым - аз да болсо өз өлкөмө пайда алып келүү»
© Элита плюс
Ибарат КАДРАЛИЕВА, «Билал» көркөм өнөр жайынын негиздөөчүсү: «Максатым - аз да болсо өз өлкөмө пайда алып келүү»
© Элита плюс

Көп тармактуу кесиптин ээси Ибарат Кадралиева 1 кыздын татыктуу энеси, жолдошунун сүйүктүү жары. Ал сүрөт тармагына, кол өнөрчүлүккө өзгөчө көңүл буруп, өлкөнүн маданиятына аз да болсо салымын кошуп, жаш таланттуу улан-кыздарга тажрыйбасын тең бөлүшүп келет. Ибараттын көркөм өнөр жайына баш бакканыбызда бөлмөнүн өзгөчө жагымдуу аурасы, ичиндеги жасалгалоо иштеринин кооздугу, сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган эмгектерин көрүп таң калдык. Анда кеп башынан болсун

«Үй-бүлөм - кичи мекеним

- Атам Ысык-Көл облусунан, апам Нарын облусунан болушат. Өзүм Токмок шаарында төрөлүп, өскөм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсүмүн. Менден улуу эжем жана эгизим бар. Эгизим менден бир аз убакыт эрте төрөлгөндүктөн байке катары кабыл алам. Балалык чагым өтө кызыктуу көз ирмемдердин коштоосунда өттү. Ата-энем эч нерседен кем кылбай, бактылуу балалыктын даамын сездире алышты. Мектепте окуп жүргөнүмдө коомдук иштерге активдүү катышып, сабакты дагы «эң жакшы» деген бааларга окудум. Мугалимдерим актёрдук, чеберчилигиме, ырдаганыма өзгөчө маани берип, чыгармачылыгымды колдошчу. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң БГУнун котормо тармагына тапшырып, 4 жыл билим алдым. Ал ортодо турмуш жолуна аттанып үй-бүлө курдум. Учурда жолдошум экөөбүздүн ортобузда Сафия аттуу 3 жаштагы кызыбыз бар. Буюрса, кичи мекенимди ар тараптан өнүгүп-өстүрүүгө болгон аракетимди көрүүдөмүн.

«40 сомго бааланган алгачкы сүрөт»

- Башка балдар сыяктуу эле мен дагы бала кезимен тарта түстүү калемсаптарды кармап чиймелеп сүрөт тартканды жактырчумун. Жакындарым мен тарткан сүрөттөрүмдү көрүп «кызыктуу сүрөт болуптур, азаматсың!» деп көп айтышчу. Алар мактаган сайын бара-бара искусство тармагына берилип, кызыгуум арта баштады. Мектепте, ЖОЖдо дубал гезиттеринин иши менин мойнумда эле. Эсимде, 3-класста окуп жүргөн кезимде үйдөн 3 сүрөт тартып мектепке алып келдим. Балдар-кыздарга көргөзүп жөн гана мактангым келди. Классташтарым көрүп жактырышты. Арасынан «мага сатчы» дегендер дагы болду. Бул сунуш мен үчүн күтүүсүздөн болгондуктан бир чети таң калсам, бир чети кубандым. Ошентип, 3 сүрөтүмдү 40 сомго саткам. Азыр эстесем, ал менин акчага бааланган алгачкы эмгегим экен.

«Жан дүйнөмө жакын кесип»

- Майлуу боёк, гуаш, акрил, түстүү жүн менен сүрөт тартам. Булардын арасынан жүн менен сүрөт тартуу жан дүйнөмө өтө жакын. 2 жарым жыл мурун интернеттен жүн менен тартылган сүрөттөрдү көрүп жактырып калдым. Көзүмө өзгөчө бир элес калтырып, абдан таасирлендим. Ошол түнү уктабай атайын видеолорду таап үйрөнүп чыктым. Сырттан караганда оңой көрүнгөнү менен иш жүзүнө келгенде оорчулугу зор экен. Бир эле учурда кол менен иштеп, сүрөт тартып, туура ой жүгүртүүнү талап кылат. Башкача айтканда, кол өнөрчүлүк деп дагы айтсам болот. Себеби түрлүү түстүү жүн менен кайчы, кыпчыгыч, ийне сыяктуу шаймандардын жардамы менен өзгөчө чыгарма жаралат. Кээ бир кезде студенттеримдин иш үстүндө отурганын көрүп илгерки апаларыбыздын жүн менен кийиз, шырдак жасагандарына окшоштуруп кетем. Жүн менен сүрөт тартуу чыгармачылыкка шыктануу менен бирге кыргыз элинин байыртан келе жаткан маданияты, кол өнөрчүлүгүн даңазалап, жаш муундарга тааныта алат. Ошондуктан өзүмдүн билген иш тажрыйбамды өсүп келе жаткан жаш муундар менен тең бөлүшүү мен үчүн өтө сыймык.  

«Көргөзмөлөрдөн эргүү алам»

- Каалооң күч болуп турса дагы эргүү жок эч качан өзүңдү кыйнап жакшы чыгарма жарата албайсың. Эргүү көбүнчө сүрөт көргөзмөлөргө барып жакшы чыгармаларды, таасирдүү тасмаларды көргөндө, атактуу сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган сүрөттөргө анализ жүргүзгөндө же жакшы санаалаш адамдар менен жолуккандан кийин жаралат. Сүрөт тартуу учурунда эч нерсеге алаксыбай, оюң бир жерде болгону жакшы. Мындай учурда өзгөчө өңдөрдү туура тандап алууга жакшы шарт түзүлөт. Мага өңдөрдүн көпчүлүгү жагат. Бирок жүн менен сүрөт тартууда кочкул, кара өңдөргө басым жасайм. Мисалы, кара көк, кочкул жашыл. Бул өңдөрдү колдонуу менен сүрөттү көркүнө чыгара алам.

«Билал» көркөм өнөр жайы

- «Билал» көркөм өнөр жайы мындан 2 жыл мурун ишке киргизилген. Алгач өнөр жайды ачарда азыркыдай болот деп эч элестеткен эмесмин. Жөн гана жүн менен кооздуктарды жаратууну каалоочулар үчүн чакан бөлмө болсо деп ойлогом. Бирок буйрук экен, экөөбүздүн оюбуз дал келген жакшы адам менен таанышып калып өзүмдүн пландарымды айтсам, ал дароо эле биргеликте азыркыдай көп тармактуу көркөм өнөр жайын ачууну сунуштады. Мен макул болдум. Экөөбүз биргелешип өз өлкөбүздүн искусство тармагына, деги эле маданиятка аз да болсо пайда алып келе турган ишти баштоону туура көрүп келечек муундар менен ишеп баштадык. Чындыгында азыркы өсүп келе жаткан жаш бөбөктөрүбүздүн аң-сезиминде чыгармачылык менен алектенүү, ой жүгүртүү, маданият, салт-санаа деген түшүнүк сакталып калуусу шарт. Ошондуктан жаштарга көбүрөөк түшүнүк берип искусство тармагына кызыктырууга бел байладык. Окуу убактысы 1 жылда эки жолу жаңыланып турат. Себеби балдардын окуу жылы башталганда мектептен кийин бизге келип чыгармачылык менен алектенүүгө шарт түзүп беребиз. Андан сырткары чоң адамдар үчүн жумуш убактысынан кийин жана эс алуу күндөрү атайын мугалимдик топ кызмат кылат. Баасы бир айга 3500 сом. Ал эми окуу учурундагы колдонуучу шаймандарды жана материалдарды көркөм өнөр жайы өзү камсыздайт.

Эс алуу

- Жумуштан кийин үй жумуштары менен колум бошобойт. Бир аз бош убактым боло калса тынч уктайм же акыркы чыккан тасмаларды көрүп ден соолугума жана ар бир эле айымдар сыяктуу келбетиме кам көрүү менен алекмин. Эс алуу күндөрү үй-бүлөм менен тоого чыгып, сууга түшүп, таза абадан дем алып жаратылыш койнунда көп болууну жактырам.   

Алдыда

- Бул жыл бардыгыбыз үчүн өтө оор жылдардан болду. Алдыда көптөгөн пландарым бар эле. Бирок карантинге байланыштуу артка жылдырууга туура келди. Ал кандай пландар экенин убагы келгенде маалымдоону туура го дейм. Ал эми келе жаткан жылыбыз жакшы жагы менен эсибизде калып, өтүп бара жаткан оор жылыбызды унуткарып, элибизге аманчылык алып келсин демекмин.

«Билал» көркөм өнөр жайынын ар тармактуу ийримдерине катышууну каалаган окурмандар 0559 980 707 телефон номерине чалып же Инстаграмдагы bilart_kg баракчасына катталып кененирээк маалымат алсаңыздар болот.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА