Спорт
Хабиб Нурмагомедовдун баш кийими сатыкка коюлду
Элита плюс
Ноябрь 05, 2020 г.
Хабиб Нурмагомедовдун баш кийими сатыкка коюлду
© Элита плюс

UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун баш кийими сатыкка коюлду. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү басма сөз каражаттарына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, "UFC" уюмунун расмий интернет дүкөнү "Papakha Khabib Nurmagomedov" атындагы баш кийимин сатыкка чыгарган.

Маалымат катары айта кетсек, папаха баш кийими дагестандыктардын классикалык баш кийими болуп саналат. Аны мушкер Хабиб Нурмагомедов ар бир беттештин астында кийип чыкчу. Баш кийим мушкердин туулган жери Дагестанда колго жасалат.

Айта кетсек, Хабиб Нурмагомедов 24-октябрда спорттук карьерасын жыйынтаган.