Дүйнөдө
Грузияда автобус 80 метр бийиктиктен кулап, 17 адам каза болду
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
Грузияда автобус 80 метр бийиктиктен кулап, 17 адам каза болду
© Элита плюс

Грузиянын Шатили айылында автобус 80 метр бийиктиктеги жардан кулап, 17 адам каза болду. Үч адам катуу жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, автобус 80 метр бийиктиктен кулаган. Күбөлөрдүн айтымында унаа катуу ылдамдыкта бара жаткан. Автобустун ичинде көбүнчө аял жүргүнчүлөр болгон. Ошондой эле Канаданын бир жараны бар экени айтылууда. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгону да маалым болду.