Коом
Гриппке каршы вакциналар сатып алат
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
Гриппке каршы вакциналар сатып алат
© Элита плюс

Коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатканына байланыштуу жана респиратордук оорулардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тендер жүргүзүп, гриппке каршы 11 миңден ашык вакцина сатып алуу боюнча келишим түздү.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динагүл Оторбаева 30-июлдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, сатып алынган вакциналар өлкөдө тобокелчилик тобуна кирген: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды эмдөө үчүн аймактарга бөлүнөт. Ошондой эле грипптин этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системалар менен реактивдерди сатып алуу максат кылынып жатат.

Оторбаеванын маалыматына караганда, аба ырайынын суукташы менен респиратордук вирустук оорулар көбөйүшү мүмкүн. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп болот. Тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтүшү ыктымал. Оорунун мөөнөтү декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат.