Ийгилик сыры
Гүлира АЛЫМКУЛОВА, жеке ишкер, «Кыргызстан ханышасы-2019» конкурсунун жеңүүчүсү: «Жөнөкөйлүк, жакшылык кылуу ийгиликтин башаты»
Элита плюс
Сентябрь 25, 2020 г.
Гүлира АЛЫМКУЛОВА, жеке ишкер, «Кыргызстан ханышасы-2019» конкурсунун жеңүүчүсү: «Жөнөкөйлүк, жакшылык кылуу ийгиликтин башаты»
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Гүлира АЛЫМКУЛОВА, жеке ишкер, «Кыргызстан ханышасы-2019» конкурсунун жеңүүчүсү: «Жөнөкөйлүк, жакшылык кылуу ийгиликтин башаты»
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Гүлира АЛЫМКУЛОВА, жеке ишкер, «Кыргызстан ханышасы-2019» конкурсунун жеңүүчүсү: «Жөнөкөйлүк, жакшылык кылуу ийгиликтин башаты»
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Гүлира АЛЫМКУЛОВА, жеке ишкер, «Кыргызстан ханышасы-2019» конкурсунун жеңүүчүсү: «Жөнөкөйлүк, жакшылык кылуу ийгиликтин башаты»
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Ийгилик сыры

Гүлира АЛЫМКУЛОВА, жеке ишкер, «Кыргызстан ханышасы-2019» конкурсунун жеңүүчүсү:

«Жөнөкөйлүк, жакшылык кылуу- ийгиликтин башаты»

«Адам эмгеги менен даңктуу» дегендей, талбаган эмгектин аркасы менен көптөгөн ийгиликтерди багындырган, бактылуу айымдардын катарын толуктаган Гүлира Алымкулова ар бир күнүн кызыктуу, пайдалуу өткөрүүгө аракет кылат. 2 уул, 1 кыздын мээримдүү энеси Гүлира айымдын жашоого болгон реалдуу көз карашы, коомго жасаган уникалдуу иш-аракеттери жана башка таасирдүү ой-пикирлери камтылган кызыктуу маекти сиздерге сунуштайбыз.    

- Гүлира айым, бактылуу балалык чагыңызды эске салсаңыз.

- Эх, балдай таттуу балалык! Баёо сезимге толгон балалык кез кандай сонун. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү болгондуктан менден улуу агама, алтын апама эркелеп чоңойдум. Кичине кезимде космоско учканды, дарыгер болгонду, чет өлкөдө кыдырып саякаттоону кыялданчумун. Өзгөчө кооз жерлердин үстүнөн учак менен учуп, асманда калкып өзүмдү эркин сезгим келчү. Буюрса, ошол балалык кыялдарымдын көпчүлүгү акырындап орундалып келе жатат.

- Азыркы кесибиңиз эмнеси менен өзүңүзгө жагат? Бул кесип менен алектенүүгө эмне түрткү болду?

- Жогоруда айтып кеткендей, адамдарды айыктырып дарыгер болууну самачумун. Бирок ата-энемдин кеңеши менен бухгалтерлик кесипти тандап алып, билим алдым. Ага карабай өз жолумду ишкерликтен таптым. Чынында, өзүң жан дилиң менен сүйүп, ошол иштен ырахат албаган соң иштөө кыйын. Ошондуктан учурда эл аралык «Smart & Rich» компаниясында директорлук статусту багындырып эмгектенүүдөмүн. Бул жумушум адамдарга ден соолук тартуулап, акча эркиндигине чыгарып, өзүн-өзү өнүктүрүүгө, таанытууга, ийгиликтерге жетип аз да болсо бактылуулукка багыт бере алганым өзүнө тартып турат. Анан да бул кесипке келишиме менин жашоодогу кеменгерлик сапатым, патриоттук сезимим түрткү болду. Анткени «Smart & Rich» компаниясы - Кыргызстандан негизделген алгачкы эл аралык компаниялардын бири. Азыркы жумушум адамдар менен баарлашуу, таанышуу, аларды колдоп, колдон келишинче жардам берүү менен байланыштуу. Анын артынан көп инсандар менен таанышып, азыркыга чейин кызматташып келем.

- Алгач ишкерликке киришип жатып эмнеден коркконсуз?

- Негизи коркуу сезими кыялдарды, алдыга койгон ой-максаттарды басаңдатып, үмүттөрдү өчүрөт. Коркунуч сенин жан дүйнөңдүн тереңинде жаткан, колуңдан келе турган жакшы ойлорду ишке ашыруудан алыстата берет, артка тартат. Бизнес тармагында алектенген адам көбүнчө тобокелдик, катачылык кетирүүдөн коркот. Бирок кандай гана иш болбосун, тобокелге салып алдыга кадам таштабасаң, ийгиликтерге жете албайсың. Бул бизнести баштоодо алгач менде деле «кантип команда курам? Канткенде бизнести өнүктүрөм?» деген коркуу сезими болгон. Бирок Алла Тааламдын колдоосу менен жана өзүмө болгон ишеним, алдыга жетелеген бийик максатым бул сезимди жеңе алды.

- “Кыргызстан ханышасы” конкурсуна кантип катышып калгансыз? Буга үй-бүлөңүз тараптан кандай колдоо болгон?

- Жакын курбумдун сунушу менен бул сынакка катышып калгам. Албетте, башында долбоорго катышуудан баш тартып, өтө деле маани берген эмесмин. Бирок курбум ой-боюма койбой 2 ай бою көндүрүүгө аракет кылды. Жыйынтыгында курбумдун мен үчүн күйүп-бышып жан тартканына ыраазы болуп, бир чети ыңгайсыздыктан макул болгом. Алгач "Кыргызстан ханышасы" долбоору чоң масштабда, жогорку деңгээлде өтөрүнө, жеңүүчү болуп чыгарым дагы такыр оюма келген эмес. Чынында, конкурс өзгөчө даярдыкта, өзгөчө программанын алкагында болуп өттү. 5-6 баланын мээримдүү энелери бир гана бала тарбиялоо, үй жумуштарын жасоо менен гана чектелбестен, өзүнө көңүл буруп, коомчулуктагы иштерге активдүү катышып ар тараптуу болушу мени кубандырды. Каалоочулардын дагы саны көп болду. Ошол конкурстагы айымдарды бир карасаң, эч кимисин көп баланын энеси деп айта албайсың. Себеби биринен-бири өтүп ажарлуу, келбеттүү эле. Алардын арасынан жеңишке жетүү оңой эмес болчу. Бирок буйрук экен, калыстардын, келген коноктордун, көрүүчүлөрдүн колдоосу менен жеңишке жеттим. Ал эми үй-бүлөм, жакындарым конкурска катышуумду түшүнүү менен кабыл алышып, бардык жагынан колдоо көрсөтүштү.

- Ажарлуу айым болуу үчүн алгачкы аракетти эмнеден башташ керек?

- Негизи ар бир айым өзүн төгөрөгү төп келген адам, бактылуу, сулуу, ишенимдүү сезүүсү зарыл. Өзүн баалап, сүйө билүүсү керек. Ар бири уникалдуу. Бирок ошол уникалдуулукту колдоно билген, ар тараптан издене билген айым башкаларга дагы, өзүнө дагы көрктүү, ажарлуу көрүнө алат.

- Келбетиңизге кантип кам көрөсүз? Сулуулугуңуздун сыры эмнеде? Атайын диета кармайсызбы?

- Сырткы келбетке кам көрүүдө ар дайым жаш, сулуу, дени сак жүрүүдө туура тамактанууга көңүл бөлүү абдан маанилүү. Кытай элинин «Эгерде азыр тамакты дары катары жебесең, кийин дарыны тамак катары жеп калышың ыктымал» деген жакшы макалы бар. Ошондуктан табигый, витаминдүү, пайдалуу тамактарды колдонуп, жашылча, жер-жемиштерди жеп, сууну ичүүгө аракет кылам. Андан сырткары спорт менен машыгам. Спорт менен достошуу зыян нерселер менен коштошууга алып келет. Ар дайым жылмайып жүрүү дагы келбеттүү, сулуу, ажарлуу болууга таасирин тийгизет. Атайын диета кармабайм. Бирок зыяндуу азыктардан баш тартам.

- Ийгиликке жетүүнүн сыры эмнеде деп ойлосуз?

- Ийгиликке жетүүдө эң алгач алдыга чоң максаттарды коюу керек. Анан ошол максатка жетүү үчүн ар күнү, эч бир тоскоолдуктарга карабай тынымсыз эмгектенүү абзел. Жашоосу жигердүү ишмер инсанга айланып, кызыктуу жана пайдалуу окуялар менен жашоосун байытуусу зарыл. Бой көтөрүүчүлүк, менменсингендик ийгиликке жетүүгө тоскоол кылат. Ар дайым изденүү чоң ийгиликтерге жетелейт. Менин алгачкы ийгиликтеримдин бири Солтоев Рустам Кимбилетовичтин презентациясын толугу менен угуп алып бактылуу болгонумду айтпаңыз. Ошол күнү түнү бою уктаган эмесмин. Анткени «Smart & Rich» компаниясы тартуулаган чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай колдонуш керек болчу. Кийин башымда «эмнени каалайсың?» деген суроо менен бирге бизнес куруу боюнча өзгөчө идеялар, пландар пайда боло баштаган.  

- Ошол кыялдарды ишке ашыруу үчүн эмне кылдыңыз? Ага жетүү үчүн канча убакыт талап кылынат?

- «Smart & Rich» компаниясынын бизнеси - чек арасыз бизнес. Сиз дүйнө жүзү боюнча бизнес кура аласыз. Эч кандай чектөө жок. Ушундай бизнес кургандан кийин сиз каалаган жашоону алып жүрөсүз жана өзүңүзгө жаккан нерселерди пикирлештер менен жасай аласыз. Эң башкысы башкалардын жашоосун жакшыртууга, алардын өсүшүнө, шыктануусуна жана билим алуусуна жардам бересиз. Бул кандай керемет.

- Кайсы учурда иштеген ишиңизден эргүү аласыз?

- Эгерде адам өзү сүйгөн жумушу менен алек болсо, демек, ал ар дайым ырахат алат. Жакшы көргөн ишин жан дили менен берилип жасайт. Мен өз ишимди сүйөм жана эч качан андан чарчабайм. Тескерисинче, шыктанам. Анткени адамдардын жашоосунун жакшы жакка өзгөрүшүнө жардам берип, алардын жүзүндөгү жылмаюну көрүп, ыраазычылыгын угуп, ошондон эргүү, өзгөчө энергия алып андан ары ишимди ийгиликтүү улантам.

- Акчаны кандай колдоносуз? Кантип коротосуз?

- Акчаны табуу, аны сактоо жана көбөйтүү зарыл. Сиз акчаны сактап калуунун жолун билбесеңиз, аны көп таппаңыз, анын пайдасы жок. Мисалы, себепсиз майрамдар, отуруштар, өтө зарыл болбогон буюм алуу, сырттан тамактанууга акчанын баркын кетирүү туура эмес. Акчанын кадырын билген адам сөзсүз үнөмдүү колдоно билет. Ийгиликке жетүүдө акча башкы максат эмес, жөн гана жогорку максаттарга жетүү каражаты, өзүн жана тагдырын өркүндөтүүдө жардамчы боло алат. Адам акча үчүн иштебеш керек. Тескерисинче, акча адамга кызмат кылуу үчүн арналган. Ар дайым өзгөрүүгө даяр болуу, убакытты туура колдонуу, максатты так билүү, сөзгө, убадага туруу, жөнөкөй, кичи пейил, айкөл, кечиримдүү болуу, адамдарга ар дайым жакшылык кылуу ийгиликтин эң чоң башаты деп билем.

- Аялзатынын күчтүүлүгү анын кайсы бир сапатынан көз карандыбы?

-  Аялзатынын күчтүүлүгү анын даанышман, жароокер, мээримдүү, калыс, айлакер, сабырдуу, тапкычтыгында. «Аял - үйдүн куту» демекчи, аял үйдө жашаган адамдарга дем, ал гана эмес, жансыз буюмдарга дагы көрк берип, негизги жашоонун маңызы боло алат.

- Бизнести өнүктүрүп, конкурстарга катышып, балдарга татыктуу тарбия берип, деги эле үй-бүлө менен карьераны колго алып баарына кантип жетишесиз?

- Мен ар дайым план менен иштегенди жактырам. Күн тартибин пландаштыруу - бул максатка жетүүнүн оңой жолу. Жазган планыңды канчалык так жана өз убагында аткарсаң, ошончолук тез максатыңа жакындайсың. Ал эми канчалык унутуп, жалкоолукка алдырып, шылтоо тапсаң, алдыга койгон максатыңдан алыстайсың.

- Алдыга койгон максаттарыңыз, идеяларыңыз, пландарыңыз?

- «Максат менен соккон жүрөк бакыт менен өмүр сүрөт» дегендей, алгачкы  максаттарымдын бири - балдарыма татыктуу тарбия берип, максаты бийик, ою күлүк инсан болуп калыптануусу үчүн болгон күч-аракетимди жумшоо. Ар качан ак ниет менен эмгек кылууга, келечектерин өз күчү менен курууга үйрөтүү. Бүткүл дүйнө жүзүн кыдырып, дүйнө элинин дени сак, бай болушуна көмөктөшүү үчүн пландарым бар.

- Өзүңүзгө эмне каалайт элеңиз?

- Өзүмө эң башкысы ден соолук, балдарымдын жакшылыктарын көрүп, ыйман- ырыскы тилеп, асмандан, жерден келген апааттардан сактап, Алла Таалам бизди колдоосун тилек кылам.

- Окурмандарга кеп-кеңеш, каалоо-тилегиңиз?

- Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов: "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу», - дегендей, бүгүнкү күндө адамдык сапат, улуулук, бийиктик, ыйман, адеп баарынан маанилүү. Коомду өзгөртөбүз десек, ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы. Бул биздин өнүгүүбүзгө кошкон чоң салымыбыз. Элибизге аманчылык, жерибизге тынчтык тилейм!

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА