Медицина
Гүльбара КУТТУБАЕВА, Талас аймактык ооруканасынын акушер-гинеколог дарыгери: “Көптөгөн аялдарды төрөтсөк да, баары бир коркуу сезими болот”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Гүльбара КУТТУБАЕВА, Талас аймактык ооруканасынын акушер-гинеколог дарыгери:  “Көптөгөн аялдарды төрөтсөк да, баары бир коркуу сезими болот”
© Элита плюс
Гүльбара КУТТУБАЕВА, Талас аймактык ооруканасынын акушер-гинеколог дарыгери:  “Көптөгөн аялдарды төрөтсөк да, баары бир коркуу сезими болот”
© Элита плюс
Гүльбара КУТТУБАЕВА, Талас аймактык ооруканасынын акушер-гинеколог дарыгери:  “Көптөгөн аялдарды төрөтсөк да, баары бир коркуу сезими болот”
© Элита плюс
Гүльбара КУТТУБАЕВА, Талас аймактык ооруканасынын акушер-гинеколог дарыгери:  “Көптөгөн аялдарды төрөтсөк да, баары бир коркуу сезими болот”
© Элита плюс

Эл арасында “умай эне”, “киндик эне” аталган акушер-гинеколог деген кадыр-барктуу кесип бар. Мындай баа жеткис кесипти аркалаган дарыгерлердин иши өтө түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү. Маектешим Гүльбара Куттубаева да өз кесибин сүйүп, талыкпай иштеп келе жаткан мээрман энелердин бири, жүздөгөн ымыркайлардын киндик энеси. Түйшүгү түмөн ишинин акыбети кайтып, бир нече ардак грамоталарга ээ болгон Гүльбара айым учурда Саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы дарыгер. Эл сыйына татыган жеңил колдуу дарыгер менен кызыктуу маек курдук.

-Гүльбара Токтосуновна, канча жылдан бери саламаттыкты сактоо кызматында эмгектенип келе жатасыз?

-Каракойчу Токтогул атындагы Талас аймактык ооруканасында иштегениме 35 жыл болду. Ага чейин жолдошумдун кызматына байланыштуу Чаткалда жашап, ал жерде акушер-гинеколог болуп иштегем. Андан кийин Талас облустук ооруканасында эмгектендим. 1985-жылдан бери ушул жерде иштеп келе жатам. Бул жердин төрөт бөлүмү 15 койкага ылайыкталган. Район боюнча жылына 600 бала төрөлөт. Кудайга шүгүр, эне-баланын өлүмү жок. Төрт акушерибиз Саламаттыкты сактоонун отличниги. Өткөн айда медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Айнура Дүйшекеева деген акушерибиз ”Умай эне” медалын алды. Ыдырысова Динара деген акушерибиз “Ардак грамота” менен сыйланды.

-Толгоонун тозогун баштан кечирген энеге колдоочу болуп, ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген учурда сизде кандай сезимдер пайда болот?

-Төрөт өтө оор процесс. Ошондуктан кыргыздар бекеринен “аялдын бир ажалы төрөт” деп айткан эмес да. Канча жыл иштеп, нечендеген аялдарды төрөтсөк да, баары бир төрөтүп жатканда коркуу сезими болот. Жеңил өтсө экен деп кадимкидей санааркайбыз. Кыйналбай, аман-эсен төрөтүп алганда аябай кубанабыз. Анан жакындарына сүйүнчүлөйбүз. Ушул учурда өзүмдү бактылуу сезем. Айтор, “Эне аман, бала аман” деген девиз менен иштеп жүрөбүз.

-Күнүгө канча төрөттү кабыл аласыз?

-Эми ар кандай болот, кээде аз, кээде көп дегендей. Мына бүгүн эртең менентен бери эки төрөт болду. Кеңеш жана Манас айылдарынан келген эки келин аман-эсен экиге бөлүнүп алышты. Үй-бүлөлөрдүн башына баш кошулгандыгы айтып бүткүс кубаныч. Албетте жакындарына сүйүнчүлөдүк, маңдайлары жарыла кубанып жүрүшөт.

-Төрөт кабыл алуу учурунда эсиңизде сакталып калган окуялар көп болсо керек?

  • Ооба, андай окуялар көп. Төрөт учурунда кан кетүү сыяктуу шаштыны кетирген жагдайлар көп болот. Бизде реаниматолог жок болгондуктан, операциялык бригаданы Талас облустук ооруканадан чакырабыз. Алар менен биргеликте энеге кан куюп, колубуздан келген жардамды көрсөтөбүз. Ошентип көп эле эненин өмүрүн сактап калдык. Андан сырткары эклампсия, преэклампсия деген диагноздор менен аялдар түшөт, аларга да убагында чара көрүп, аялдарды өлүмдөн алып калуудабыз. Негизинен аялдардын арасында кан аздуулук аябай көп. Төрөттөрүнүн ортолору өтө кыска. Биз айымдарга кеп-кеңештерибизди айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын үстүнө дарыгерлер жетишпейт, акушер-гинекологдор жокко эсе. Анын айынан күн-түн дебей жалгыз иштеген күндөрүм да болду. Ырас, 4-5 жылдан бери Сопубекова Алтын деген жаш дарыгер келген. Учурда ошондой жаш муунду тарбиялап, билгенибизди айтып, тажрыйбаларыбыздан бөлүшүп биргеликте иштеп келе жатабыз.

-Эне болууга кадам таштаган жаштарга кандай кеңештерди бере аласыз?

-Негизи мен кыздардын эрте турмушка чыгуусуна каршымын. Акыркы жылдары кыздар эрте эле турмушка чыгып кетишүүдө. Мисалы, быйыл 17 жашка чейин төрөгөндөр катталды. Бул убакта кыздар эне болууга физиологиялык жактан да, психологиялык жактан да анча даяр эмес болушат. Башкача айтканда тобокелчиликке баруу деп айтсак болот. Алар өздөрүнүн өмүрүн да, жашоосун да тобокелге салышууда. Анын айынан жогоруда айткан аз кандуулук көп. Жаш кыздар, эне боло турган айымдар өздөрүн карап, витаминдерди ичип ден соолугуна кам көрүшсө жакшы болот эле. Андан сырткары баланы пландаштырып, төрөт ортосундагы интервалды сакташ керек. Жылда эле төрөй берген болбойт, төрөттүн ортосу 3 жылдан кем болбошу зарыл. Бул убакта аял кайрадан өзүнүн калыбына келип, кийинки баласын төрөөгө даяр болуп калат. Дагы бир айта кетүүчү нерсе каттоого эрте туруу керек. Анда профилактикалык текшерүүлөр жүргүзүлүп, баланын өсүүсүнө, эненин кан аздуулугуна карата дарылар берилет. Эртерээк каттоого турса ошолорду убагында алып калат эле деген ой. Айтор, каттоого убагында турса дарыгердин көзөмөлүндө болот.

-Эмне себептен бул татаал кесипти тандап, аркалап калгансыз?

-Атам айыл чарба институтун бүткөн, кесиби боюнча зоотехник болчу. Илгери совхоздо, колхоздо башкарма, кийинчерээк РАПОдо башкы адис болуп иштеп жүрдү. Атамдын көзү өтүп кеткен. Апам болсо 11 баланы төрөгөн баатыр эне эле. Ал киши деле жашында көз жумду. Ушундан улам апамдын ден соолугун көрүп, аны өзүм дарыласам деген ниетте дарыгер болууну самап, медициналык институтка тапшыргам. Кийин ушул акушер-гинеколог адистигин тандадым. Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Медицина кызматкерлеринин айлыгы аз болсо деле иштеп келем. Билбейм, биз мурдагы кадрларбызбы айлыкка көп деле карабай, баланын, эненин аманчылыгын жогору коюп, нааразычылыкты билбей эле иштеп келебиз. Анткен менен айлыктын аздыгы чынында эле адамды чүнчүтүп жиберет. Өзгөчө жаштар жарыбаган айлыкка иштебейт экен. Ошол себептен медицина кызматкерлеринин маянасын көбөйтүп берсе жакшы эле болмок.

-Айтылуу Кетмен-Төбөнүн кызы экенсиз? Таласка кандайча нике кайып буйруп калган?

-Жолдошум Айнабаев Кулат Алымбекович менен студент кезде таанышып, сүйлөшүп калып, Таластын Чоң-Токой деген айылына келин болуп түшкөм. Анын кесиби инженер-механик. Өмүр бою өз адистиги менен иштеди. Чаткалда башкы инженер, технадзор болуп иштеп келди. Кийин Таластагы Манас колхозунда механик болду. Бекмолдо айыл аймагында эмгектенди. Райондук кеңештин 4 жолку депутаты, учурда ардактуу эс алууда, өзүбүздүн чакан дыйкан чарбабыз менен алектенүүдө. Экөөлөп беш баланы тарбиялап чоңойттук. Улуу балабыз “Eurolab” лабораториясында иштеп жатат. Кызым Улуттук университетте мугалим, кийинки кызым фирмада иштейт. Төртүнчү кызым Жанара Кулатова Жогорку кеңештин мурунку чакырылышына өз талапкерлигин койгон. Учурда Москвада билимин жогорулатып жүрөт. Кичүү уулум быйыл ЖОЖго тапшырды.

-Канчалаган төрөттү кабыл алып жүрүп, өзүңүз төрөөрдө коркуу сезими болчу беле?

-Улуу уулумду Кара-Буура районунан төрөгөм. Калган төртөөнү тең ушул өзүм иштеген ооруканадан төрөдүм. Өтө деле коркуу сезими болгон эмес. Себеби, ал убакта деле тажрыйбалуу акушер эжелерим иштечү. Эмнегедир аларга ишенгем.