Медицина
Гүлбү ШАЛТАКОВА, “Лазмед” клиникасынын директору: “Адам баласына табигый дарылоо ыкмасы пайдалуу”
Элита плюс
Март 28, 2021 г.
Гүлбү ШАЛТАКОВА, “Лазмед” клиникасынын директору:  “Адам баласына табигый дарылоо ыкмасы пайдалуу”
© Элита плюс
Гүлбү ШАЛТАКОВА, “Лазмед” клиникасынын директору:  “Адам баласына табигый дарылоо ыкмасы пайдалуу”
© Элита плюс
Гүлбү ШАЛТАКОВА, “Лазмед” клиникасынын директору:  “Адам баласына табигый дарылоо ыкмасы пайдалуу”
© Элита плюс
Гүлбү ШАЛТАКОВА, “Лазмед” клиникасынын директору:  “Адам баласына табигый дарылоо ыкмасы пайдалуу”
© Элита плюс

“Оорунун кадырын онтогон жан билет” демекчи, дарт менен алышып, жаның көзүңө көрүнгөндө ак халатчан дарыгер Кудайыңдай сезилет. “Алгач Кудай, андан соң дарыгер эле сактайт” деген ишенимде болосуң. Чындап Жараткандан кийин эле өмүр сакчылары жардамга келет. Бирок дартты жеңүүгө өзүң да аракеттенип, адистин кеңешин уксаң, дартты жеңүү оңой. Бүгүнкү биздин конок медицина илимдеринин кандидаты, Саламаттыкты сактоонун отличниги, “Лазмед” клиникасынын негиздөөчүсү Гүлбү Чаловна медицинадагы заманбап система менен табигый дарылоонун өзгөчөлүктөрү туурасында кызыктуу маек куруп берди. Урматтуу окурман, кулагыңызга күмүш сырга... 

  • Гүлбү Чаловна, медицинадагы заманбап система менен табигый дарылоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеп салсаңыз. Негизинен кайсынысы пайдалуу?
  • Заманбап медициналык система оорунун симптомдорун дарылап, оорунун билинген жерин басат. Бирок оорунун чыныгы себебин билүү үчүн эч нерсе жасабайт. Оорунун симптомдорун басуучу же айрым ооруларды жеңилдетүүчү уулуу дары-дармектер адатта организмге терс таасирин тийгизет. Дарылар организмдин өз алдынча калыбына келүү аракетине тоскоол болуп, бул процессти татаалдаштырат. Бейтап дарыларды колдонгондон кийин эки жол менен: биринчиси - оорудан, экинчиси – дары-дармектен калыбына келгенге аргасыз болот. Дары-дармектердин ооруну айыктырганга күчү жетпейт. Оору улана берет, болгону анын симптомдору гана өзгөрөт. Ошондой эле дары-дармектер тамак-аш жетишсиздигин шарттайт. Анткени алар организмге сиңишине жол бербей азыктарды азайтып жиберет. Организм эч нерсеге туруштук бере албай турганда дарылар уу катары таасир этет. Ден соолукту калыбына келтирүүчү, организмди айыктыруучу күч дары-дармектерде эмес, ал жаратылышта. Заманбап медициналык системанын ыкмасы оору пайда болгон кезде таасир бергенге аракет кыла баштайт. Ал эми табигый ыкмалар ден соолукту алдын-ала сактоого, оорулардын алдын алуу чараларын көрүүгө багытталат. Заманбап система ар бир абалды (органды) өзүнчө дарылоону талап кылган көз карандысыз нерсе катары карайт. Табигый ыкма бейтаптын жалпы организмин айыктырууга жана анын бүтүндөй жашоосун гармониялык калыбына келтирүүгө умтулат. Андыктан адам баласына табигый дарылоо ыкмасы пайдалуу.
  • Табигый дарылоо ыкмасын колдонууда эмнелер талап кылынат?
  • Табигый ыкма организмди патологиялык абалдан кадимки абалга келтирүүгө жана аны менен иштөөгө багытталган. Жаратылыштын жаратмандык принцибине каршы келбеген дарылоо ыкмаларын колдонуу менен иштөөгө арналат. Бул ыкмалар организмдеги уулуу заттар өтө маанилүү органдарга эч кандай зыян келтирбестен чыгарылат. Мындан тышкары алар бөлүп чыгаруу органдарынын функцияларын жандандырат. Ооруларды дарылоодо биринчи кезекте диетаны көзөмөлдөө талап кылынат. Топтолгон токсиндерден арылуу жана системалардын тең салмактуулугун калыбына келтирүү үчүн тамак-аш рационунан кислота түзүүчү азыктарды, анын ичинен белок, крахмал, майларды бир жумага алып салып, диетаны жаңы жер-жемиштер менен чектөө сунушталат. Бул ашказанга жана бардык тамак сиңирүү системасына пайдалуу таасир этет. Эгерде организмге токсиндер ашыкча толуп калгандыгы жана кандайдыр бир оорулар байкалган болсо, анда токсиндерди чыгаруу үчүн бир нече күн орозо кармап коюу шарт. Бирок орозо учурунда мөмө-жемиштердин ширелерине уруксат берилет.
  • Негизинен ооруп жаткан адамдын табити жоголот. Андай учурда колдонуучу жөнөкөй эрежелер барбы?
  • Албетте. Жөнөкөй эреже - табит жоголсо тамак ичпей, жаңы бышкан мөмө-жемиштер менен жеңил тамактануу зарыл. Тамак-ашка болгон табитти өз алдынча калыбына келишин күтүү. Табиттин жоголушу - бул тамак-ашты ошол учурда тамак сиңирүү тутумуна жүктөбөй туруу керек деген эскертүү. Бир жумадан кийин жер-жемиштерге өндүрүлгөн дан өсүмдүктөрүн кошсо болот.

Ооруну табигый ыкма менен дарылоодогу негизги фактор - организмдин өз алдынча жашоого болгон күчүн ойготуу. Ал үчүн ар түрдүү температурадагы сууну ар кандай ыкмалар менен колдонуу сунушталат. Ванна түрүндө, курсак тушка (көпчүлүк оорулардын борборуна) же жыныстык органдарга муздак түрүндө колдонуу дененин температурасын тез түшүрүп, нерв системасынын иштешин жакшыртат. Суу менен дарылоо терапиясы - ысыкты басуу, ооруну жана сезгенүүнү ар кандай зыяндуу таасирлерсиз жеңилдетүүчү табигый ыкманы сунуштайт. Жылуу суу - бул учурда, тескерисинче, эс алдырат. Дарылоодогу дагы пайдалуу каражаттар - бул таза аба, күнгө кактануу, көнүгүүлөрдү жасоо жана массаж болуп эсептелинет. Аба жана күн ванналары терини жандандырат жана аны кадимки абалда сактоого жардам берет. Кыймылдуу көнүгүүлөр, айрыкча йога ички ден соолукту чыңдап, психикалык-эмоционалдык стресстен арылтууга жардам берет. Массаж нерв системасын калыптандырат, кан айланууну жана зат алмашуу процесстерин тездетет.

  • Кесибиңизге байланыштуу чет өлкөлөргө чыгып көптөгөн илимий конференцияларга катышып жүрөсүз. Алардын табигый жол менен айыктыруучу иш тажрыйбасынан да таасирленсеңиз керек?
  • Туура айтасыз. Табигый жол менен айыктыруунун философиясы жана практикасы Германияда, Америкада, Улуу Британиянын бир кылымдан ашык иш тажрыйбасында үч негизги принципке негизделген. Алар алынган натыйжаларды далилдеп, бир нече жолу сыналган.

Биринчи жана негизги принцип - бул оорулардын бардык түрлөрүнүн бирдей себеби, организмде калдыктардын топтолушу жана органдык системалардын иштен чыгышы. Ден соолугу чың адамдарда калдыктар бөлүп чыгаруу органдары аркылуу бөлүнүп чыгат. Бирок ооруган адамда калдыктар көптөгөн жылдар бою сакталып, ден соолукка зыян келтирген жашоо мүнөзү сакталат.

Туура эмес тамактануу, тазалыктын жетишсиздиги, жаман адаттар, алсыроого жана нервдин чарчоосуна алып келет. Бул нерсе тынчсыздануу түрүндө байкалат. Ушул негизги принциптен ооруну айыктыруунун бирден-бир жолу - топтолгон уулуу калдыктардан арылтууга мүмкүндүк берген ыкмаларды колдонуу. Чындыгында, бардык табигый дарылоо ушул максатка жетүүгө багытталган.

Табигый дарылоонун экинчи негизги принциби - бардык курч оорулар - ысытма, суук тийүү, тамак сиңирүү органдарынын бузулушу, теридеги бүртүкчөлөр, дененин белгилүү бир бөлүгүнүн топтолгон таштандылардан арылууга болгон аракети. Өнөкөт болгон диабет, жүрөк оору, астма, бөйрөк оорулары дары-дармектерди туура эмес колдонуу менен курч шарттарды тынымсыз басуунун натыйжасы.

Үчүнчү принцип - организмге колдонулган дарылоо ыкмалары анын иштешине мүмкүндүк берген шартта дене өзүн-өзү айыктыруучу механизмге ээ. Башкача айтканда,  дарылоо күчү дарыгердин колунда эмес, ал организмдин өзүндө. Демек, туура тамактануу, жетиштүү физикалык кыймыл-аракет, таза аба, тазалыктын жетиштүүлүгү, туура эс алуу жана психологиялык мамиле ден соолукту чыңдап, оорулардын алдын алат.

-Сиз илимий иштер менен да алектенип жүрөсүз. Ушул кеңештериңизди топтоп чыгаруу ниетиңизде барбы?

-Албетте, азыр өнүккөн өлкөлөрдө дары-дармектерге кылдаттык менен мамиле жасап, табигый дарылоо (натуротерапия) менен сергек жашоого ыктап келишет. Себеби, дары бир жагынан жеңилдик алып келгени менен экинчи жагынан организмге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мына ушул нерселердин баарын эске алып өзүмдүн ойлоп тапкан ыкмам менен 10 жылдан бери бейтаптарды туура тамактануунун негизинде дары-дармексиз, заманбап лазердик аппараттардын жардамы менен сакайтып келе жатабыз. Ошол ыкмамдын алгачкы принциптерин сиздердин журналыңыздар аркылуу бөлүшүп атам.

- Сизге эркин микрофон...

- Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып 8-Март аялдардын эл аралык майрамына карата өлкөбүздөгү бардык аялзатын майрамдары менен куттуктайм. Аял - бул ынтымактын башаты. Андыктан өлкөбүздө ынтымакты туу туткан энелер, айымдар арбын болсун. Ар бир энеге, эжеге, сиңдиге жашоодогу бактылуулукту каалайм.

Аруужан КАНАТБЕК кызы