Асылдарым
Гүланда ОСМОН кызы, үлгүлүү баатыр эне: “Ийинге суу көтөрүп кары адам өтүп кеткенче чыдап турчубуз”
Элита плюс
Март 28, 2021 г.
Гүланда ОСМОН кызы, үлгүлүү баатыр эне:  “Ийинге суу көтөрүп кары адам өтүп кеткенче чыдап турчубуз”
© Элита плюс
Гүланда ОСМОН кызы, үлгүлүү баатыр эне:  “Ийинге суу көтөрүп кары адам өтүп кеткенче чыдап турчубуз”
© Элита плюс

Эне болуу бактысына ээ болгон ар бир аялзаты мактоого, даңктоого арзыйт. Анткени адамдан адам жаратып, өмүр улоо кудурети энеге гана берилген. Тогуз ай көтөрүп жарык дүйнөгө алып келген наристесин эрезеге жеткирүү түйшүгү эненин мойнунда. Ал гана эмес, ата-эне болуп калган балдарынан да санаасы тынчыбаган апалар баласы үчүн баарына даяр. Ар бир баланын ден соолугун, өмүрүн, бактысын, аманчылыгын тилеп, басса-турса Кудайга жалынган да энелер. Бүгүн биз он баланы төрөп, күн сыяктуу баарына бирдей мээримин төгүп, кабагым-кашым дебей бапестеп өстүргөн баатыр эне Гүланда апанын кызыктуу маегин сунуштайбыз.

-  Апа, алгач өзүңүз, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Өзүм Чүйдүн Буранасынан болом. Токмок шаары - төркүнүм. Азык уруусунун кызымын. 1939-жылы туулгандыктан согуш убагын билбей калдым. Төрөлгөндө эле чачым коюу, капкара болгондуктан Карачач деген ысым ыйгарышыптыр. Кыязы, ай-күнүмөн ашып төрөлсөм керек. Кийин агам: “Карачач деген ат кантип болсун. Гүланда дейли”, - деп Гүланда болуп, Карачач атым айтылбай калган. Чоң атам Чалданбай аябай бай адам болуптур. Анын Осмон деген уулу - менин атам. Апам -  Жамиля. Биз бир уул, эки кыз, үч бир тууган элек. Атамдын колунда бар болгондуктан ал кулакка тартылып кетет. Ошондо 16 жаштагы улуу агамды армияга алып кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп калды. Атабыз жок болгондуктан агамды издеген адам болбоду. Анда мен кичине элем. Көп өтпөй апамдын да көзү өтүп кетип, эжем экөөбүз аталаш агамдын колунда чоңойдук. Апам кандай аял болгонун, эмнеден каза тапканын билбейм. Жетимчиликти башка салбасын, ошентип, жетим чоңойдум.

- Илгери турмушка эрте эле берип салышчу экен. Сиз турмушка канча жашыңызда чыккансыз?

- 16 жашка толо элек секелек кыз болчумун. 1953-жылы азыркыдай сүйүшүп, сүйлөшүп баш кошот деген кайда. Суу көтөрүп келатсам, чакамды ыргыта салып ушул Алмалуу айылына ала качып келишкен. Анткен менен жакшы жерге келин болдум. Кайын журтум абдан сонун адамдар болду. Абышкам 8 жаш улуу эле. Анын аты Асаркул экенин, көзү өткөн соң билдим. Элдин баары Аске деп кайрылса, мен деле Аске дечүмүн. Азыр куран окуганда азан чакырылган атын атайм. Беш жыл мурун каза болду. Убагында айылдын бир четин чойгон экспедитор, завхоз болуп жакшы кызматтарда иштеди. Кийин көзү ооруп, жазганга уруксат беришпей, операция кылдырып, эрте эле пенсияга чыккан. Атабыз калп айтканды жаман көргөн, так жүргөн, кечикпеген мыкты инсан эле. Абышкам экөөбүздүн ортобузда чыр-чатак болгон жок. Жетекчилик кызматтарда жүргөндүктөн катышыбыз көп болчу. Үй тиричилигине да, он баланы төрөп, тарбиялап, чоңойтконго да жетиштик. Бактыгүл, Багдагүл, Бурулкан, Эдиса деген төрт кызды удаа төрөдүм. Абышкам бир да жолу “эмнеге уул эмес, кыз эле төрөй бересиң?!” деген жок. Азыркылар “кыз төрөйсүң?!” деп урушат экен го. Ал киши “Кудайдын бергени” деп гана койчу. Төрт кыздан кийин Эмилбек, Эдилбек, Эркинбек деген уулдарыбыз, андан соң Элмира, Гүлмира, Гүлнара деген үч кызыбыз төрөлдү. Кыздарымдын баары ордун табышкан. Улуу уулум, келиним Токмокто турушат. Эдилбегим 29 жашында жол кырсыгынан каза болуп калган. Андан эки кыз калды. Эркинимдин эки кыз, эки уулу бар. Аларга кошуп Эдилимдин кызын багып алгандыктан беш балалуу болду. Токмоктогу улуу уулум жана кыздарым атасына окшош. Уулдарымдын кичүүсү Эркин мага окшош. Он балаң болсо деле анын бирөө эле жакын болот экен. Эркиним мага жакын дагы.

- Жогоруда кайын журтуңузду мактап калдыңыз. Кайын ата-кайын энеңиз кайсы сапаттары менен эсиңизде калган?

- Кайын атам жоош, токтоо, ченебеген мыкты адам эле. Кыбырап колунан келгенин жасап жүрө берчү. Үркүндө Кытайга качып барып келген. Бечара өлөр-өлгөнчө бул окуяны айтып берип жүрдү. Ал убакта тоодо, боз үйдө жашашчу экен. Үркүн убагында орустар келип кыргыздарды талап-тоноп, эркектерин, малын айдап кетчү тура. Бала-чака, аялдар, кары-картаңдар ыйлап-сыктап кала берет. Кырчындай жигиттердин алдуу-күчтүүлөрү жол таап Кытайды көздөй бир айлап жол жүрүп качат. Ал жактан да тынч баш паанек таба албай кайра 30 күндөй жол жүрүп мекенине кайтышат. Кайтып келатканда жолдо катар кырылган адамдарды, алардын этине семирген иттерди көрүп үрөйлөрү учат. Ачка, чарчаган 20-22 жаштар чамасындагы 40ка жакын боз улан Кемин тараптагы жайлоолорго жетип калганда алдыларынан бир атчан адам чаап келип: “Токтогула! Уккула! Мен мусулманмын, татармын! Атайын силерге келдим! Артта орустун жети жоокери кууп келатат. Таш чогулткула! Аларга туруп бербегиле! Кол салгыла! Аттарын, мылтыктарын алгыла! Болбосо баарыңарды атат. Өлтүрөт! Силердин аларга алыңар жетет! Онуң өлсөң да отузуң каласың!” - дейт да, атын чапкан бойдон кетип калат. Баягылар ич ара “эмне кылалы?!” деп сүйлөшүшөт. Ошондогу караңгылыкты кара... Көпчүлүгү “шейит болот экенбиз” деп тим болушат. Атам ушул өкүнүчүн оозунан түшүрчү эмес. Аңгыча күүгүм талаш 7-8 атчан орус жоокерлери жетип келет да, баарын айдап бир короого киргизип, “чөгөлөп жаткыла!” деп буйрук берип туш келди атып салышат. Тирүү жан калбасын дегендей баарын таяктары менен сайып текшерип көрүп, аттарына минип жөнөп кетишет. Атам дем чыгарбай бир топко коркуп жата берет. Тынчыган соң: “Кимиңер барсыңар?” – десе, “ме-ен” деген бирөөнүн алсыз үнү чыгат. Ошол 40 жигиттин экөөсү эле бирөө комсомолдук, бирөө атам аман калат. Акыры жашынып олтуруп жерине жетип келишет. Кызым, карабайсыңбы?.. Ажалы жок да. Кийин ушунча бала-чакалуу болду. Демек, маңдайына ушундай жазылган экен. Бул окуяны айтып жүрүп ыраматылык атам 1964-жылы каза болду. 4 кызым удаа төрөлгөндүктөн “уулум уулдуу болбой калабы?” деп санааркап жүрдү. Бешинчи уулум боюмда барда каза болуп калды. Эгер ошол жылы көз жумбаганда эркек небересин көрүп кубанмак деп калам.

Мен эки кайын эненин колуна келдим. Атамдын улуу кемпири төрөбөгөндүктөн эки аял алган. Өз кайын энемдин кыялы бир аз чукул болчу. Бирок ак көңүл эле. Бир кайним, бир кайын эжем болгон. Кайын эжемдин да, кайнимдин да, келинимдин да көзү өтүп кетти. Үчөөн тең өзүм узаттым. Алардын балдарына апа болдум. Кудай балдардын жакшылыгын көр дегени го, мына быйыл 81 жаштамын. Кудайга шүгүр, баарына чоң апа болуп сый көрүп жатам.

- Тоо койнундагы, жаратылышы кооз айылда турат экенсиз? Шаарга көнбөй койдуңузбу?

- Ооба. Абышкамдын ашын бергенден кийин үч жыл Бишкекте турдум. Эркин шаарга көндүрөм деп бардык шартты түзүп берсе да көнө албадым. Батиримди бекитип коюп, айылга келе бердим. Жаш болсоң ишке алаксып жашай бересиң, карыганда зеригесиң, кобурашар кошуна-колоң деген жок. Кары кишиге шаар, айылдай болбойт. Абышкам кээде түшүмө кирип: “Бул жакта эмне жүрөсүң?” - деп калчу. Бул үй - улуу үй. Кайын ата-кайын энемдерди, кайын эжем, кайним, келиним, абышкамды узаткан үй. Андыктан алардын атын атап куран окуп турам. Негизи ата конушун аңгыратып койгум келген жок.

- Он баладан таланттуусу чыктыбы?

-  Бир кызым кичинесинен абдан таланттуу, ырчы эле. Пол жууп, үй жыйнаса да заңкылдап ырдай берчү. Азыр Москвада. Жаш кезинде “мен ырдайм” десе атасы экөөбүз “ырдайт деген эмне? Артист болбойсуң” деп каршы чыкканбыз. Ошол бойдон ырдабай калды. Чыкса, ошондон чыкмак. Анткен менен учурда ар кимиси ар тармактын көзүн табышкан. Ыраазымын. Баары тартиптүү болушту. Биздин колду эле карай бербей өз алдынча оокаттарын кылышты. Бала тарбиялоодо атасы урушуп тарбиялап жатса, мен эч качан болушчу эмесмин. Негизи үй-бүлөдө балдарды бири урушса, экинчиси эч качан болушпашы керек. “Энеси болушчаактын кызы ыйлаак” деген кеп ошондон чыккан.

- Келиндерге кандай кайын энесиз?

- Көңүлчөөк кайын энемин. Негизи эле өзүм эч качан адамдын көңүлүн оорутпайм. Жээнимдин кызын келин кылып алгам. Келгенине 34 жыл болду. Ушунча жылдан бери экөөбүздүн ортобузда бир дагы өйдө-төмөн болгон жок. Келиним жакшы. Эркиним, келиним экөө 10 жыл колумда турушту. Кийин кызматынан көтөрүлүп Бишкекке кетишкен. Кайын эне жакшы болсо, келин жакшы болот. Кайын эне жаман болсо, келинден да тил чыгат. Келиндерим менен сыймын. Акырын айтам, андан чыгышпайт. Мен да жаш болгом да. Андыктан көп нерселерине кийлигишпейм. Күнүгө теспе тартып, батамды берип, балдарымдын ден соолугун, амандыгын, өмүрүн тилеп эле отурам.

- Учурда жаштар көп балалуу болбой калышты. Буга сиздин оюңуз?

- Баары заманга, кымбатчылыкка жана башкага жараша болуп жатат. Мурда көп балалууларга мамлекет тараптан колдоо болчу. Союз убагында жашоо жакшы эле. Мен 38 жашымда он балалуу болуп, 40 жашымда райондон алтын медаль тагынгам. Анда жашпыз. Медалдын деле баркын билбептирбиз. Бир күнү Бишкекке чакырды. Көрсө, баатыр энелерге бекер 36 алтын тиш салып бермек экен. Барсам тиштеримдин баарын “алтын менен каптайбыз” дейт. “Бүтүн тиштеримди өгөлөтүп баарын алтын кылдыргым келген жок”, - десем, тиш доктур ар бир тишти граммдап таразага тартып: “Ой эже, мунун отчёту бар. Сизге дегендин баарын сизге салып беришибиз шарт”, - деп болбой, 17 алтын тиш салып берген. Көп жылдан кийин тишим шишип, доктурга барсам, алтындын алдындагы тиштеримди курт жеп салыптыр. Ошондо тиштеримди жасатып, алтындарды алдырып, эстелик болсун деп үч алтын тишти эле калтыртып койгом. Азыркы учурда баатыр энелерге алтын тиш салдырып бермек кайда?..

- Үлгүлүү эне катары жаштарга эмне дейсиз?

- Жаштарга барган жеримде акыл-кеңешимди айтып отурам. Башымдан өткөн жакшы, жаман күндөрдү мисал кылам. Бирок азыркы жаш келиндер мен айтканга деле баш ийбесе керек. Азыркылар менен илгеркилердин ой жүгүртүүсү, көз карашы, жашоосу башка да. Илгери ийнибизге суу көтөрүп келатсак, көчөнүн башында келе жаткан кары адамды көрүп, ошол аксакал өтүп кеткенче сууну көтөргөн боюнча чыдап турчубуз. Алдынан кесип же жөөлөп өтчү эмеспиз. Жолун кыя өтүү уят болчу. Бул нерселерди мага кайын энем “аксакалдардын жолун кыя өтпө, бата аласың” деп көп айтчу. Бир жолу ийниме суу көтөрүп келатсам кайын атам байкуш киши араң басып көчөдөн алдыман чыкты. Суу көтөргөн бойдон 20 мүнөттөй күтүп турдум. Ошондо жанымдан өтүп баратып, жакшы батасын берген. Улуубу, кичүүбү артыбызды салып отурчу эмеспиз. Айтор, ушундай нерсенин баары кулакта калган. Андыктан Кудайым карыларга ынсап, жаштарга ыйман берсин.

Жазгүл КАРБОСОВА